Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаев жумуштан кетип, анын ордуна Бермет Турсалиева дайындалды. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстанга берген маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал министрликтин тарыхында алгачкы ирет аял киши министрдин орун басары болуп жатканын белгиледи.

«Мага күчтүү орун басар керек болду. Алмаштыруу жеңил болгон жок, бирок көптөгөн талапкерлерди карап, ушундай чечим кабыл алдык. Турсалиева мурда министрликте иштебесе дагы айыл чарба тармагында көп эмгек жасап келген. Дыйкандар менен тыгыз иштешип, «Агрардык платформаны» жетектеген. Кайра иштетүү заводдорун брендге айлантып, ички жана сырткы рынокто позициясын күчөтүүгө жардам берген. Анын арасында «Тойбос», «Супара» компаниялары бар. Англис тилинде эркин сүйлөйт, французча да билет», — деди Токтогазиев.

Ошондой эле министр чет өлкөдөн инвестиция, грант тартууда Турсалиевага окшогон адистер керек экенин билдирди.