Интернет шылуундар колдонгон көптөгөн ыкмалар жана жолдор бар, алар улам сайын өркүндөп өсүп барат. Онлайн соода кылып жатканда коопсуздугуңузду сактоо боюнча 5 кеңеш:
Сатып алууларды ишенимдүү сайттар аркылуу гана жүргүзүңүз. Сайттын URL дареги «http» менен эмес, «https» менен башталышы керек экендигин эске алыңыз. Коопсуз веб-сайт шифрленген болот, бул сиздин сатып алууларды жүргүзүүңүзгө шарт түзөт, жеке маалыматыңызды жана насыя картаңыздын маалыматын алдамчылардын кол салуусунан сактайт.
Ар бир аккаунтуңуз үчүн колдонуучунун уникалдуу аты менен сыр сөздү түзүңүз. Көпчүлүк интернет-дүкөндөр өз системасында жеке маалыматыңызды жана насыя картаңыздын номерин келечектеги сатып алуулар үчүн сактап коюу максатында өз веб-сайтында аккаунт түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, сизде ар кандай интернет-дүкөндөрдө беш аккаунт бар болсо жана алардын ар бири үчүн бирдей колдонуучунун аты / сыр сөздү колдонсоңуз, анда хакер сиздин бир аккаунтка бузуп кирсе эле, ошондой эле аталыштагы калгандарына да оңой кире алат.
Жарнамалык шилтемелерге эч качан түздөн-түз кирбеңиз. Көпчүлүк хакерлер колдонуучуларды кызыктыруу жана алардын маалыматтарын уурдоо үчүн фишинг чабуулдарын колдонушат. Жасалма электрондук почталарды жана популярдуу интернет дүкөндөрдүн жасалма сайттарын да түзүшөт. Алар дүкөндүн веб-сайтынын так көчүрмөсүн жасай алышкандыктан, сиз алдамчылыктын курмандыгы болгонго чейин аны байкабай каласыз. Демек, жарнама сизди кызыктырса, жаккан дүкөнүңүздүн дарегин өзүңүз терип киргениңиз оң. Албетте, бул бир аз татаалдыкты жаратат жана көп убакытты талап кылат, анткен менен коопсуз сайтка кирип жатканыңызга толук ишенсеңиз болот.
Интернеттен соода кылып жатканда эч качан коомдук жайлардагы акысыз Wi-Fi менен колдонбоңуз. Хакерлер акысыз Wi-Fi-ды жакшы көрүшөт, анткени ал аркылуу сиздин гаджетиңизге кирет жана жеке маалыматыңызды уурдай алат. Коомдук жайлардагы жалпы интернетти колдонууда адатта маалымат шифрленбейт. Мындан тышкары, хакерлер жасалма байланыштарды түзө алышат жана алардын сыр сөз сурабаган тармагына туташкандан кийин, сиздин түзүлүшүңүзгө жол ачылат.
Насыя (кредит) картаңыздын акивдүүлүгүн күн сайын текшерип туруңуз. Жана ошондой эле ай сайын онлайн сатып алууларга коротуучу чыгымыңызга чек коюңуз. Ошентип шылуундар чектелип, сиздин эсебиңиздеги сумманы толугу менен колдоно алышпайт.
Булак: Три точки. Знай, что смотришь