Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди сот депутаттык мандатынан ажыратты. «Биринчи инстанциядагы административдик соттун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди. Текебаев бүгүнтөн баштап депутат эмес», — деп Темирлан Ормуков фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырган.

Эскерте кетсек, Темирлан Ормуков Текебаев мыйзамсыз мандат алган деген арыз менен Административдик сотко кайрылып, сот анны пайдасына чечим чыгарган.