Бишкек шаарынын мэрясында «Бишкек монорельстүү транспорттук тутум» долбоору сунушталды. Мэриянын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор шаардык транспорттун сапатын жана туруктуулугун, ошондой эле жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
«Монорельс — бул темир жол транспорту, асма транспорттун бир түрү, тез жүрүүнү камсыз кылат. Монорельстердин жалпы узундугу 37 чакырым болсо, станциялардын саны 32, линиялардын саны 2. Жүк ташуу сыйымдуулугу 150дөн 180 жүргүнчүгө чейин болуп, бийиктиги 5-7 метрге чейин жетет.
Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашыруу пландаштырылууда.