Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында мамлекеттик органдарга президенттик шайлоону жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү багытында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков төмөндөгү багыттарды белгиледи. “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жана шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн Ички иштер министрлигинин комплекстүү иш-чаралар мерчеми 15- декабрдан баштап ишке киргизилди. Иш мерчемдин негизинде коомдук коопсуздукту ички иштер органдарынын 11 миңден ашык кызматкери камсыз кылат.

Анын ичинен бардык шайлоо участокторуна 1ден 7ге чейин жалпы 5500дөн ашык кызматкер бөлүнөт. Ошол эле учурда 1 миңге жакын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери шайлоо өтүп жаткан аймактарда жол коопсуздугун көзөмөлдөө иштерин жүргүзөт. Шайлоого чейинки үгүт учурунда жана шайлоо күнү ар түрдүү укук бузуулардын алдын алуу үчүн 280 ден ашык документтештирүү топтору түзүлүп бири-бирине жакын жайгашкан 10 шайлоо участогуна бирден бекитилип күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
Күч каражаттарынын ишмердигин координациялоо үчүн ички иштер министрлигинде шаардык облустук ички иштер башкармалыктарда жалпы 10 жерде ыкчам штабтар түзүлүп ишке киргизилген. Шайлоого байланыштуу катталган фактыларга мыйзамдын алкагында иш алып баруу үчүн кызматкерлерге окутуулар өткөрүлүп, усулдук колдонмолор укуктук ченемдик актылардын жыйнагы буга чейин таратылып берилген. Андан тышкары ички иштер министринин демилгеси менен кайталоо иретинде окутуулар 17-ноябрдан 12-декабрга чейин өткөрүлүп, дагы кошумча колдонмолор таратылып берилди.
Шайлоо учурунда ар түрдүү чагымчыл аракеттерди болтурбоо максатында ок атуучу куралдар жана жардыргыч материалдарды колдонууга бөгөт коюу үчүн ички иштер министрлигинин атайын буюрмасы иштелип чыгып анын негизинде 20-декабрдан баштап өзгөчө буюрмага чейин ок атуучу куралдардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Аны менен бирге 20-декабрдан баштап республика боюнча бардык мергенчилик дүкөндөрүнүн ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.
Шайлоо участокторунда коопсуздукту камсыздоо үчүн жер-жердеги аймактык шайлоо комиссиялары менен биргеликте шайлоо участокторуна кароо актылары түзүлүп аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча шайлоо комиссияларына сунуштар берилип жатат.
Шайлоо бюллетендерин даярдоо учурунда коопсуздукту камсыздоого Бишкек шаарында жайгашкан «Учкун» акционердик коомунун имараты ички иштер органдары тарабынан куралдуу кайтарууга алынды. Шайлоо бюллетендери даяр болгондо шайлоо участокторуна атайын жабдылган автоунааларга жүктөп жеткирилет жана 80ден ашык патрулдук автоунаалар менен коштоп жеткирүү уюштурулат.
Шайлоо иш-чарасы эдидемиялык шартка туш келгендигине байланыштуу кызматкерлер толук түрдө медициналык жеке каражаттар жана чыгымдалуучу каражаттар менен камсыздалды.
Шайлоо участокторунда коомдук коопсуздукту камсыздап жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлеринин шайлоо укуктарын камсыздоо үчүн шайлоо тилкесине бекитилген кызматкерлерге жер-жердеги ички иштер органдары тарабынан буйруктар чыгарылып шайлоо комиссияларына жөнөтүлөт. Шайлоо комиссиялары мыйзамдын чегинде карап кызматкерлерди кошумча тизмеге киргизип, анын негизинде добуш берүүгө шарт түзүлөт.
Азыркы учурда өзүбүздүн демилге менен жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо, фискалдык органдар, ыктыярдуу элдик кошуундар жана ички иштер органдарынын ардагерлерин тартып атайын иш-чаралар мерчемдери иштелип чыгып коомдук тартипти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Андан тышкары башка укук коргоо органдары менен биргелешкен ыкчам штаб түзүп ар түрдүү укук бузуулардын алдын алууга карата иштер уюштурулат. Жалпысынан ички иштер министрлиги шайлоону өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоого даяр экенин билдирем”, — деп билдирди ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков Коргоо Кеңешинин кезектеги отурумунда.

ИИМдин Басма сөз кызматы