Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасы бейтаптарды кабыл алууну токтотту.
Стационарларга COVID-19 коронавирус инфекциясы менен кайрылган бейтаптардын саны азайгандыгына байланыштуу бүгүнтөн тартып инфекциялык оорукана катары ачылган кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы бейтаптарды кабыл алууну токтотту.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын каржы булактарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн кабыл алынган.