Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку кеңештин спикери Талант Мамытов 25-декабрь күнү 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты деп табылган студенттеринин катарын толуктаган Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясынын үч курсантына президенттик стипендия тапшырды.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 4-курсунун курсанты Бактыбеков Азим Бактыбекович 1999-жылдын 23-февраль күнү Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында туулган. Ал өлкөнүн 70 мыкты студенттеринин катарын толуктап, коомдогу жана окуудагы жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов тапшырган президенттик стипендияга ээ болду.
   
Өзүнүн окуудагы ийгиликтери жана аракетчилдиги менен мыкты гана болбостон, ИИМдин Академиясынын коомдук жашоосуна дагы жигердүү катышат. Жогорку окуу жайлар арасында өткөн ар кандай конференциялардын жана сынактардын жеңүүчүсү. “Бирге коррупцияга каршы!” эл аралык жаштар сынагында 1-орунду ээлегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мурдагы башкы прокурору Ө. Жамшитовдун “Ыраазычылык каты” менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын студенттери арасында Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын изилдөөгө арналган сынакты жеңип, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Диплому, Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Грамотасы, өзүнүн функционалдык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардак грамотасы, ИИМдин Академиясынын буйругу менен “Билим, мыйзам, намыс” төш белгиси, Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылыгына карата өткөн иш-чарага жигердүү катышкандыгы жана үлгүлүү кызматы үчүн “Ыраазычылык” жарыяланган. 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын “Мыкты кенже командири” наамына жеткен.
Президенттик стипендияга ээ болгон Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 4-курсунун курсанты Эркинов Амантур Эркинович окуунун отличниги жана ИИМдин Академиясынын коомдук жашоосуна жигердүү катышып келет. 1998-жылы 25-ноябрында Бишкек шаарында туулган. Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылыгына карата өткөн иш-чарага жигердүү катышкандыгы жана кызматтык милдеттерин абийирдүү аткаргандыгы, үлгүлүү жүрүм-туруму үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Ыраазычылык каты, Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин коомдук жашоосуна жигердүү катышкандыгы үчүн Ардак грамота, Жогорку окуу жайлар арасында “Билге” сынагына жигердүү катышкандыгы үчүн 3-даражадагы Диплом, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын буйругу менен “Билим, мыйзам, намыс” төш белгиси менен сыйланган. Жогорку окуу жайлар арасында өткөн ар кандай конференциялардын жана сынактардын жеңүүчүсү жана катышуучусу.
Ошондой эле, ИИМдин Академиясынын 4-курсунун курсанты Терибаев Алишер Бактыбекович дагы президенттин стипендиясына татыктуу болду. 1999-жылы 6-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган. 2017-жылы Кант шаарындагы лицейди кызыл диплом менен ийгиликтүү аяктаган. Жогорку окуу жайлар арасында өткөн ар кандай конференциялардын жана сынактардын жеңүүчүсү жана катышуучусу. ИИМдин Академиясынын коомдук жашоосуна жигердүү катышып келет. Курсанттар жана студенттер арасында өткөн “Брейн-ринг” интеллектуалдык-билим берүүчү оюнда 1-даражадагы Диплом менен сыйланган. “Каррупцияга каршы” Антикоррупциялык квизиумга жигердүү катышкандыгы үчүн сертификат жана 2-даражадагы Диплом менен сыйланган.
ИИМдин Басма сөз кызматы