«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын башчысы Асхат Түлөбердиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

УКМК Бишкек мэриясындагы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоого, бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Анын алкагында Бишкектеги жер тилкелерин убактылуу пайдалануу укугун берүүдө мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Маалыматка караганда, 2017-жылы Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын жана «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын айрым кызмат адамдары жер участокторун берүүдө жасалма аукциондорду өткөрүшкөн.

24-декабрда «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын башчысы Асхат Түлөбердиев жана жасалма аукцион өткөрүүгө катышкан З.М.М. аттуу жаран кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары «Коррупция» беренеси менен катталды. Тергөө амалдары уланууда.