2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы К.Ташиев УКМК тергөө камак жайында кармалып жаткан А.Атамбаевдин акыбалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш чаранын жүрүшүндө атайын кызматтын башчысы А.Атамбаевдин кармалышынын абалы жана ден-соолугунун абалы менен таанышты.

Өз кезегинде, А.Атамбаев тергөө абагынын кызматкерлеринин камакта кармоо шарттары жана аракеттерине эч кандайдооматы жок экендигин айтып,  ден-соолугунун начардыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы К.К.Ташиев тиешелүү кызматтарга А.Атамбаевдин ден-соолугунун абалын кылдаттык менен текшерип чыгууну, андан кийин зарыл болгон учурда аны медициналык мекемеге жаткыруу жөнүндө чечим кабыл алууну тапшырды.