— Кайненем бала баккандан качып кызыныкына кетип калган. Өз неберелерин карагысы келбейт, алтын тапчуудан бетер иштейм дейт, үйдө балпайып отура берсе биз багабыз да, тынчы жок да — бир палатада, маңдайлаш керебетте баласы менен жаткан келин дагы бир топ сөз сүйлөдү. Келгенден бери «кайненем бала карабайт » деп үч төрт курдай айтты.
Бул жолкусуна жооп кайтардым:
— Ар ким өз баласын өзү багышы керек. Кайненең өз балдарын багып чоңойтуп койгон, небере багууга милдеттүү эмес .
Бул сөзгө келин бир топ терикти.
— Коюуңузчу, ушундай болмок беле? Жаны конушка жаңы үй салып кыйналып атабыз жардам берсе болмок да. Төрт бала менен мен жалгыз куурап атпаймынбы. Сиздин кайненеңиз багып бербейби? Элдин баарынын эле кайненелери карап берет го. Күйөөм үйдүн кичүүсү, акыры биздин колдо калат да. Балдарды карап турса мен иштесем экөөлөп үйүбүздү бүтүрүп алсак ага деле жакшы да.
Андай болсо, балдарын бутка тургузуп койбойт беле, үй жай куруп берип. Мындай сөздөр бир топко уланды….
Башкалар кандай ойлойт билбейм бирок мен бул көз карашка каршымын. Кайнене деп сөз баштаганда ар ким өз апасын ошол орунга коюп, салмактап көрбөйбү.
«Бала карап, балпайып эле отура бербейби» — дегенге, бала караган оңойбу? Дегеле үйдө бала багып атып эс алган киши көрө да уга да элекмин.
Өзүмдүн да төрт балам бар, улуулары сабакка кетсе удаа төрөлгөн эки кичинекей менен кечке атымды таппай калам. Күндө эки маал кир жуумай, үй жыйнап, нан, тамак жасап, от жагуу менин бала багуудан сырткаркы милдеттерим. Бирок бул түйшүктөрдү мен өз бүлөм, балдарым үчүн, жарым үчүн, келечек үчүн жасайм. Эмнеге бул түйшүктөрдү кайненеге түртө салуубуз керек. Эгер шарты болсо уул келинине ар бир эне өзү эле каралашат. Багып берейин дейт, багып да берет. А эгер бакпаса неге милдет кылышыбыз керек.
Өзү иштеп, акча тапканга мүмкүнчүлүгү бар болсо, эмнеге бала карап үйдө отуруп уул келиндин алаканын карашы керек. Өз балдарын чоңойткону азбы?
Өткөндө маршруткадан 70 терден ашкан апанын жанындагы өзү курактуу байбичеге айткандары али да кулагымда турат.
— Мен деле жегим келет бирок аны канттип айтам, тырмактай неберем алдыбызга аш келээр менен чынымды кашыктап «эт жейм эне, эт бейчи» деп турса жегеним аш болмок беле… Ансыз деле тамактын таттуусун, ырыстуусун үйдөгү беш неберенин оозуна камдап турабыз ошентсе да бала дегениң бала экен да. Жанагы эң кичүүсү өтө эрке болуп алды, кичине кой-ай деп койсом келиндин кабагы бүркөлүп, уулум «апа ал кичинекей да» деп ичи сыйрыла түшөт. А менин көңүлүмүн көчкөнүн алар кадырына деле алышпайт — деген.
Андан ары гүлдүү чоң жоолук салынган апа жанындагы байбичеге көп жылдан берки ашказанын дарты күчөп, дарыгер диета карма дегенин бирок неберелер менен чогуу жашаган үчүн диета кармай албай жатканын, буту колунун оорусу да суукта козголуп зыркырап атканын, дарыканага жатып чыкканын, азыр шаардагы кызыныкына келгенин, беш, он күн туруп кайра кетээрин айткан.
— Ансыз деле тапкан ташыганым, кыз-кыркындын салганы, пенсиям, бүт баары ошолордуку. А бирок уул-келин ага деле ыраазы болушпайт экен. Алмак-салмак неберелерди жонума салып алып көтөрөм. Ээрчишип коноко кетишсе балдарын карап калам. Жаш өткөнү кыймыл да кыйындап калат экен. Илгеркилер айткандай кайрат качып калган кезде келинден кагуу жебейин, эчкидей жаш калганда балдарга таарынып эл журтка сөз болбоюн деп ичмекейим ичиме катып жашап атам. Урпагын уланып, корооңо небере толуп турса бакыт дечи, өмүрлөрүн берсин. Айткан менен адам башына келбесе сезбейт — деген.
Ал күнү мен, далай ойдун учугун чубап, ар бир сөз көкүрөгүмө көзөлүп убара болгом…
Студент кезде, бир жолу айылга барганда чоң энеме учурашканы барып, анын какылдап ыйлаган небересине алы келбей алдейлеп, кейип отурганына күбө болгом. Эң кичүү уулунун колунда эле. Көрсө ишке жарагандын баары чабыка кетип кемпир менен небере калыптыр да.
Айылда мындай көрүнүш көп эле.
Айылдагы карылардын баары эле уул-келин, неберелери менен чогуу турат… алардын жан дүйнөсү эмне болуп атканын ким билет?…
Менин да апам, иним, келиним, төрт небереси менен чогуу… апам удаа төрөлгөн неберелеринин улам бирин койнуна салып чоңойтту.
Көкүрөгүбүзгө ыйман берсин. Ар инсанга дөөлөттүү карылык берсин!
Автору Сайра Батыркулова