Учурда айрым жумуш берүүчүлөр кызматка алынчу адамдардын COVID-19га каршы антителосу бар экенин далилдеген маалымкат сурай баштады. Бул тууралуу SuperJob порталына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Аталган портал россиялык миңдеген ишканалар арасында сурамжылоо жүргүзүп, натыйжада ага катышкандардын 10 пайызы коронавируска иммунитети бар деген документ талап кыла баштаганын айтты. 83 пайызы азырынча мындай нерсени расмий талап кылбаганын, бирок коронавируска кабылып, сакайгандарга артыкчылык берилерин моюндашкан.

Айрыкча өндүрүш, логистика, медицина жана тейлөө тармактарындагы ишканалар кызматкерлеринин коронавирустан оолак болушуна өзгөчө кызыкдар экени белгилүү болгон.

Эске салсак, ар кайсы мамлекеттерде коронавирустун мутациядан кийин пайда болгон жаңы штаммдары тууралуу кабарланууда. Мындан улам кайрадан катаал чектөөлөр кирип калышы мүмкүн экени айтыла баштады.

Булак: Спутник кж