partage - poignée de main
Бир күнү мугалим сабакта студенттерден сурап калды:
– Кана балдар, айткылачы, эмне үчүн адамдар урушканда бири-бирине кыйкыра башташат?
– Себеби, алар эмоцияга алдырып коюшат, – деди бирөө.
– Бирок, экинчи адам алыста эмес, жанында эле отурса деле эмне үчүн кыйкыра беришет? Жай эле сүйлөшсө болбойбу?
– Ачуусу келген үчүн кыйкыра баштайт, – деди дагы бирөөсү. Ошентип, ар кимиси ар кандай жооп айтып жатты. Акыры, алардын ичинен унчукпай турган бир студент колун көтөрүп мындай деп жооп берди:
– Адамдар нааразы болгондо, алардын жүрөгү бири-биринен алыстай баштайт. Канчалык бири-бирине жини келген сайын алардын жүрөктөрү ошончолук алыстайт да, ал аралыкты жоюу үчүн алардын кыйкырганы күчөйт.
– Туура, – деди мугалим анын айтканын коштой, – чындыгында эле ушундай. Мисалы, бирин-бири жакшы көргөн адамдарды карагыла, алар канчалык жакшы көргөн сайын бири-бирине жай сүйлөй баштайт. Себеби, алардын жүрөгү өтө жакын болуп калат. Ал эми сүйүшкөндөрчү. Алар бирге отурганда шыбырашып калышат. Айрым учурда сөздүн да кереги жок болуп калат, туурабы? Демек, адамдардын арасындагы аралык физикалык жактан гана эмес, алардын ортосундагы мамиледен дагы көз каранды.
Нуриет Абдулазиз