Нарын областынын Кочкор районунда жаңы оорукана ачылды. Анын ачылышына вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров катышты.
Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлагандай, вице-премьер-министр калктын ден-соолугун сактоо жана чыңдоо өкмөттүн негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.
Бул ооруканага УЗИ, рентген-аппараттары да коюлду. Ошондой эле тиш дарыгеринин жана кош бойлууларды төрөткө чейин көзөмөлдөө, даярдоо боюнча иш бөлмөлөрү ачылды.
Жаңы курулган медициналык мекеме Кочкор районунун Ак-Талаа, Мантыш, Кызыл-Дөбө, Кара-Мойнок, Орток, Дөң-Алыш жана Комсомол айылдарынын тургундарына медициналык жардам көрсөтөт.