Лейлек районундагы «Инсан Лейлек» коомдук фонду тарабынан мигрант ата-энелердин балдары үчүн ачылган «Мырзайым» балдар борборунда 25-декабрда жаңы жылдык кече болуп өттү. «Мырзайым» балдар борборунда 4 улуттун өкүлдөрүнөн турган 70 бала бар. Алардын басымдуу бөлүгү чоң ата, чоң энелеринин колунда тарбияланып жатышат. Аталган борбордун жетекчилиги жаңы жылдык майрамга өзгөчө даярдык көргөнү сүрөттөрдөн көрүнүп турат. Балдарга эле эмес, ата-энелерге да жаңы жылдык жагымдуу маанай тартуулаган «Мырзайымчыларга» терең ыраазычылык билдиребиз. Бардык жакшы нерселер балдарга!