Блогер блок

Жубайынын мөлтүрөгөн келбетин кантип сактап калса болот? Мырзаларга кеңеш

Келбеттүү, өзүн караган айымды колтуктап жүрүү эркекке сыймык алып келет эмеспи.
Күйөөсү жакшы экен дешет…
Атаңгөрү. Мөлтүрөгөн кыздарды көрүп өз кызыма тилегендей бакытты тилейм.
Туулуп өскөн үйүн таштап, бүт өмүрүн байлап бир жигитке баш байлашат.
Жылдар өткөн соң эле бир жолукту эптеп салынып бала басты болуп, арыктыгынан шыйрактары ширенкедей ичке шибендеген келин пайда болот.
Үйүндө шарты жок болсо, эн кымбат деп сыйпанган креми «Nivea» болсо анан кантсин.
Бул бактысыздыкпы? Күйөөсү бар, балдары бар, өзүн курмандыкка чалып, арыктыгына, жудөгөнүнө кайдыгер болуп, өзүн таптакыр арткы планга таштап бир үйдүн түтүнүн булатып кармап туруу бактылуулукпу?
Жок… жок мен эч кимге тескери пикир салгым келбейт.
Болгону ошол өмүрлүк кылып алган жары баардык шартын түзүп, келиндин мөлтүрөгөн кыз кездеги келбетин сактап калышына бир аз да болсо кам көрүп койсо дегим келди.
Колго кир жууса, арык шыйрактарын шибендетип от жакса, түгөнбөгөн түмөн түйшүктүн артынан бетине бырыш түшүп кеткенин деле бир кездеги мөлтүр кыздар байкабай калышат. Ачык асман алдында уй сааса «бир кепе салып койсон боло» десе кол чатыр кармап берип койсо, анда эле иштин бүткөнү ошол эмей эмине.
Балким кептин баары айымдар өзүбүздөбү.
Талап кылбайт окшойбуз.
Макул боло берет окшойбуз.
Шартка карай берет окшойбуз.
Шартты түшүнө берет окшойбуз.
Анткени апабыз деле «Киргизияга»
кир жууп бакпады беле дейт окшойбуз.
Заман башка эмеспи.
Талап кылалычы айымдар.
Кыздарыбыз андан эки эсе талап кылып үйрөнгүдөй болсун.
Кирип келсе свети күйсүн.
Колун сунуп койсо суусу аксын.
Жууган кирин кир жуугучу кургатып,
утуктоп даярдап берсин.
Жана башка…жана башка…
Кыздарыбыз бүтпөгөн тирликтин курмандыгы болбосун.
Оокаттын, көр тирликтин түбүнө ким жетиптир.
Андан көрө спортко барсын, билим алсын, өзүнө керектүү иш чараларга катышсын,
балдарын жетелеп өнүктурүү жайларына алып барсын, солярийге барсын, салон, сулуулук күнүмдүк адат болсун. Бул жаманбы? Албетте жок! Өзгөрөлүчү.
Кыздарыбыз көрүп чоңойсун.
Интернет булактарынан алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button