Мен ал кезде турмушка чыкмак түгүл, жигиттерди таптакыр ойлонбойт элем. Бир күнү ушул күнгө туш болорумду эч качан элестеткен эмесмин….

Мен мектепти жаңы гана аяктап жаткам, июнь айы. Жогорку окуу жайга даярданып жүргөм. Биздин үй-бүлө айылдагы мен деген үй-бүлөлөрдөн эле. Атамды тааныбаган, сыйлабаган адам жок эле. Үйүбүз да тегереги эки кабаттан куюп салынган, элдин көз жоосун алчу….

Мен үйдө эң кичинекейи элем. Менден чоң 3 агам, эки эжем бар эле. Алардын баары өз-өзү боюнча болуп, үй-бүлө куруп кетишкен. Апам мени 45 жашында төрөгөн экен. Мындай алганда биздин үй-бүлө аябай суктанаарлык эле…

Ошентип универге да тапшырып өттүм окууга. Бирок бир күнү менин жашоом 180 градуска өзгөрөөрүн сезбептирмин…

Окуу башталышына да аз эле калган. Досума жолугуп, үйгө келсем, үйдө чоочун коноктор бар экен. Аларга маани деле бербей өз бөлмөмө кирип кеткен элем. Бир убакта апам чай алып келишимди сурап калды. Чай демдеп кирсем баары мени көзүнүн кыры менен карап жатышты…

Кечки тамактан кийин атам менен апам мени чакырып,биз жок дей албадык кызым. Карыган энеси келип, суранып калыптыр, анан да баласы жаман бала эмес, биз тааныйбыз. Колунда жакшы иши бар, астында машинеси бар сага дагы эмне керек эле. Өмүр бою сени кор кылбай өтөт – деп сөздөрүн бүтүрүштү.

Мен шок абалда элем. Менин оюм булар үчүн таптакыр мааниге ээ эмес экенин эми түшүндүм. Көрсө жанагы чоочун коноктор, атамдын алыскы бир туугандарынан экен. Мага жуучу болуп келишиптир. Бул кабарды угуп башыма бирөө бир оор нерсе менен чапкандай эле селдейип калдым. Өз ата-энем мени ушундай кылып жатса анда башка адамдарга кантип ишенем? Менин тагдырым келечекте кандай болот. Мен ал менен жашап кетемби? Окуум эмне болот? Көңүлүм барбы бул жөнүндө ата-энемдер угуп да отурушкан жок. Ата-энеме дагы эмне жетпей жатты эле? Мынчалык байлыкка кызыкса. Мен атакемди катуу жакшы көрчүмүн. Келечектеги турмуш жолдошумду, атамдай элестетчүмүн. Бирок ушул чечиминен кийин менин оюм да атама деген, мамилем да өзгөрдү.

Канчалык каршы туруп, боздогонум менен мени угуп олтурушпады. Апам байкуш, мен тирүү кезимде турмушка чыгып, балалуу болуп тынч жашап кетишиңди каалайм. Менин дагы канча өмүрүм калды Кудай билет – деген сөздөрүн эстеп, бир кыйылам. Ошентип акыры той боло турган болду. Мен күйөө болмуш жигитти тойго чейин өзү турсун кабарын да билбедим. Той болот деген күнү аны таап келишти бир жерден. Ушундайда боло берет экен турмуш. Экөөбүз бир столдо жанаша олтурганыбыз менен тиктеше албадык. Ал өз дүйнөсү менен, мен өз дүйнөм менен….

Той да бүттү көшөгөнүн ичинде женелер ары-бери басышып күйпөлөктөшөт. Күйөө бала көпкө кирбей кыйналып турганын сезип жаттым. Салт-салт экен да. Бири-бирин таптакыр тааныбаган адамдар, бүгүн түндөрүн бирге өткөрүп жатышат. Канчалык кыйналганыбыз менен ушул түндү бирге өткөрүүгө мажбур элек. Уят үчүн да, эл көзү үчүн да биз ушул ишти кылууга аргысыз элек…..

Бул түн да өттү. Мен аял болдум… Бул мен үчүн бир аз оор болду. Бирок адам баласы баарына көнөт туура. Турмуш агымы кайда гана алып барбайт. Бирде өйдө жүрсө, бирде ылдый жүрөт.

Жаңы үй-бүлө. Жаңы жашоо. Бул үй, биздин ошол заңгыраган үйүбүздөн эки эсе чоң келет экен. Үй жумуштары менен алекмин кечке. Кайнатам менен күйөөм кечке жумушта. Кайненем өзү менен өзү алек. Турмушка чыкты деген эле атым болбосо, бул мен үчүн эч кандай бир жакшы нерсе алып келбегендей. …

Түнкү саат үч болуп калганда күйөөмдүн акырын кирип келе жатканын сездим. Ал мени уктап жатат деп ойлоду окшойт….

Бул көрүнүш мага жат болбой калган. Анткени тойдон бир жума өтүп өтпөй эле, ал ушул өнөрүн көрсөтө баштаган эле. Мен күйөөмдүн мага бир жолу карап, жылуу сүйлөгөнүн, эркелеткенин, атымдан чакырганын уга албадым, же көрө албадым.

Келин болуп түшкөнүмө бир айдан өттү, бирок күйөөм менден алыстагандан, алыстап бара жатты. Ал өзү токтоо, түшүнүктүү адамдай көрүнөт. Келбети да келишимдуу жана сымбаттуу. Билбейм жолдошума деген жылуу сезимдер менде ойгоно баштаган эле. Күндө тамак жасап даярдап аны күтөм, бирок. …

Мен бир кадам алдыга жылсам, ал менден бир кадам алыстап жаткан эле…. Ушул коёндой окшош күндөр өтө берди. Мен өзүмдү бул дүйнөдөгү эн жалгыз адамдай сезип калдым бул үйдө.

Канчалык кыйналып, сыздап жатканымды эч ким сезбеди же сурап койбоду. Мен бүтүндөй соолуп бара жаткам. Эң эле шайыр кыз мен болсом, эми ошол кыздан эч нерсе калган эместей….

Бир күнү үй жыйнап жатып күйөөмдүн телефону калып калганын көрүп бир аз башкача боло түштүм негедир. Ал такыр эч качан, эч нерсесин унутчу эмес. Аябай так болчу. Аны колума аларым менен бирөө чала баштады. Жүрөгүм тыз дей түштү…

«Жалгызым» — деп жазылган абоненттен келип жаткан эле.

Экөөнүн кучакташып түшкөн сүрөтүн да коюп коюптур. Ааламым кууруп, өрт болуп жанып бараттым.

Ушул нерсени сезген элем, бирок күткөн эмесмин. Чалууну көтөрбөдүм. Эмне кылмак элем….

Кечинде ал келгенде чыдай албай акыры сурадым.

— Ким эле ал?

— Сен эмне жөнүндө?

— Эч нерсе билбегенге салба.

— Мен чын эле түшүнбөй турам…?

— Тиги контагындагы Жалгызын… – деп кыйкырып салдым.

— Сенин ишин болбосун ал менен. Сен бул үйгө келин болуп келгенсиңби унчукпай келиндигиңди аткар. А менин иштериме киришпегин. Сенин менин аялымсын туура, бирок жүрөгүмдүн ээси бөлөк… – деп эшикти тарс жаап чыгып кетти.

Шалдырап эле олтуруп калдым. Токтоно албай ыйлап жаттым. Эмне керемет көрдүм турмушка чыгып. Ата-энеми жана бул үй-бүлөнү байыттымбы? А менин бактымчы? Менин бактымды ким байытат? Мен эмне бир кепилдик болуп, же үй кызматчысы болуп келдимби?

Суроо артынан суроолор жабылып жатты көңөлүмдө. Бирок эч ким түшүнбөдү мен байкушту ошол учурда.

Канча ыйлап олтурганым эсимде жок, уктап кетиптирмин… Эшик катуу ачылганынан ойгонуп кеттим. Ал экен… Бутунда тура албайт, болушунча ичкенго? Ар кайсыны сүйлөп тантырап жатты…

Эмне кылаарымды билбей бурчта тура бердим бүрүшүп, корктум, ыйлап жаттым. Ал менин бул абалымды көрүп, өзү коркуп кетти окшойт, кайра унчукпастан төшөккө жыгылды. Бир топтон кийин жанына басып барып, жолдошума суктанып олтурдум. Ушундай ширин уктап жаткан эле. Жүрөгүм тез-тезден согуп жатты. Мен аны чын эле жакшы көрчү элем. Эгер бири-бирибизди жактырып турмуш курганыбызда. Баары башкача болот беле…?

Мамилебиз начарлап гана бара жатты. Сабыр түбү сары алтын деп апам көп айтчу, мен да бардык нерсеге көз жумуп сабыр кылып жүрдүм. Ишенип жүрдүм бир күн болбосо, бир кун бактылуу жашап кетерибизге… Бирок турмуш ар дайым эле адамга бактылуулук тартуулай бербейт экен…

Жолдошум катуу тумоолоп уйдо жатып калды. Аны көрүп мен да кыйналып кеттим. Колумдан эмне келсе баарын кылдым. Тамак берем, дарысын берем, жуунтам. Деги койчу анын айыгышы үчүн эмне гана кылбадым. Үч жума дегенде араңдан айыкты. Ушул үч жума аралыгында экөөбүз бир аз жакындаша түштүк. Ушуга болсо да ыраазы элем…. Эрте менен чай даярдап бөлмөгө кирсем ал ордунан туруп, басып калган экен көргөн көздөрүмө ишенбей, ыйлап жибердим. Күйөөм мени ошол күнү биринчи жолу кучагына алды. Көздөрүмдөн жаштарды сүртүп, акырын өөп койду.

Мен үчүн чексиз бактылуулук эле…. Эх…

Биз бирге тамактана баштадык. Кээ бир учурларда сейилдегени бирге чыгып жүрдүк.

Бир күнү мындай иш болуп кетерине такыр ишенген эмесмин жана күткөн да эмесмин.

Ал дагы ичип келди. Экөөбүз бир аз айтыштык. Бир аз жымжырттыктан кийин ал чечкиндүү:

— Кел ажырашабыз – деди.

Себебин эң жакшы билсем да:

— Себеп – деп суроо бердим.

— Мен көптөн бери ал кыз менен сүйлөшөм. Сага сүйлөгөнүмдүн себеби үй бүлөбүздө кризистен чыгарып кетуу эле. Кечир! Атам болбой туруп алды. Катуу жоготууга туш болгон элек. Үй-бүлөнүн жалгыз уулу катары мен ата-энемдин айтканынан кайта албадым, менимче сенде да ошондой болду окшойт.

Сенин кай жерде болсон да бактылуу болууңду тилеймин. Кечир мени суранам. Бирок мен башка чыдай албайм мындай турмушка. Сени да башка кыйнагым келбейт.

Мен ата-энеңе баарын өзүм түшүндүрөм. Ишенем сени ким жар кылып алса да эң бактылуу адам болот. Мага окшогон акмактарга сендей кыздар татыбайт. Калганын өзүн ойлонуп көр – деп сырттка чыгып кетти. Мына мен күткөн күн да келиптир. Өкүнүп, ыза, жек көрүү мени жеп жатты…

Түнү менен ойлонуп олтуруп акыркы бир чечимге келдим….

Күйөөм жумушка кетти.

Кайненем да, кайнатам да кайдадыр бир жерге кетишти. Баарын кетирип анан өзүм кетүүнү туура көрдүм. Аз болсо да, көп болсо да үч ай жашаптырмын. Көздөрүмдө бул үйдү элес кылып туйдум да, баштыгымды акырын көтөрүп чыгып, арман жана ыза менен бара жаттым жолдо өз үйүмө карай….

Ата-энеме эч нерсе деп айта албадым. Жөн гана жашабайм деп кутулдум. Анын ата-энеси келип, канча жалынды чыкпай да, жолукпай да койдум. Бул жашоого нааразы болуп, үйдөн чыкпай жата бердим. Атам мени көрүп өзүн күнөөлөп жүрдү көпкө. Мурдагы эрке, куунак кызы жок эле. Апам болсо бат-баттан ыйлап турат.

Тагдыр ушу экен да, колумдан башка эч нерсе келбейт эле…

Бир күнү эрте менен уйкудан турсам, көнүлүм айланып чыкты. Ошондон кийин бул нерсе бат-баттан кайталана баштады. Уйкусурап кечке, бир нерсе жегим келип эле жүрө бердим. Кыраакы апам баарын байкабай койгон жок. Апам экөөбүз ээрчишип докторго бардык…

— Куттуктайм! Эки жарым айлык боюңузда бар экен – деген сөзүнөн шок болуп,  калдым. Менин боюмда бар… Бул тамашабы же тагдырбы… Ишенбей турдум бул сөзгө. Бирок жан дүйнөм өз-өзүнөн кубанып жатты. Апам экөөбүз сөз баштай албай турдук.

Мен:

— Бул бала төрөлөт! Мен аны эч кимге бербеймин. Кор кылбаймын. Бирок бул жөнүндө күйөөмө эч сөз жетпесин. Апа мага эми эч кандай өкүмүңөр өтпөйт. Бул менин балам, менин жашоом. Бузган жашоомду дагы бузушуңарга жол бербейм. Атама да айтып коюң — деп өз бөлмөмө кирип кеттим…

Наристе бул эң таза туура. Мен эми бир гана ушул наристеге тагдырымды байлап койдум. Чыдамсыздык менен күткөн наристем бул жарык дүйнөгө келди….

Кыйын өттү төрөт. Бирок балам аман-эсен ден-соолугу чың эле. Ошого ыраазы элем. Мени өзүмүн ден-соолугум да, башка да ойлондурбайт эле ушул учурда….

Карап турсам уулум атасын эле өзү. Көзү, оозу, мурду. .. Мага окшогон жерин таба албай койдум.

Балким бул атасын катуу сагынгандандыр. ..

Уулумдун атын Айдин деп таятасы койду. Айдинге беш айлык болгондо, айылдан шаарга көчүп кеттим. Мага болгону 19 жаш. Окууну улантырууну чечтим. Канча кыйналдым ким билет акыры окууну да бүттүм. Атам жакшы жумушка орноштуруп койду. Айдин болсо бешке чыгып калды…

Өмүр ушинтип өтө берет туура. Кечээ төрөгөн балам бүгүн мектепке барганга даяр болуп калбадыбы…

Бир күнү Айдинди алып айылга жөнөп калдык. Таятасы сагынган экен. Таксиде келе жатсак орто жолдо бузулуп калса болобу. Арадан эки саат өттү такыр оңолбой койгон соң, башка таксиге түшүүгө туура келди. Такси тосуп жатсак бир машине өтүп кетти да, кайра артка жылып токтоду. Берки таксист сүйлөшүп бизди салып койду. Машиненин ичине кирип, көргөн көздөрүмө ишенбей турдум.

Бул ошол мен сагынган, менин күйөөм эле. Көпкө тиктешип тура бердик. Ал бир аз картая түшүптүр. Экөөбүз ажырашкандан бери да 5 жыл өттү. Бул беш жыл канча нерсени өзгөрттү бирок, бирок менин жолдошума деген сезимдеримди өзгөртө албады, алгач кандай тунук жана таза болсо дале ошондой. Канча турдук билбейм? Качан гана Айдин «апа» деп мени кучактай калганда ал да, мен да чоочуп кеттик. Бирок унчукпады. Такыр сөз айта албады.

Мен да.

Үйдүн алдына алып барып токтотту. Унутбаптыр… Машинеден Айдин түшүп кетти. Мен түшөйүн деп жатсам сөз баштап калды:

— Көп болду көрүшпөгөнүбүзгө.

Кандайсын?

— Туура көп болду.

Рахмат көргөндөй мен жакшы.

Өзүн?

— Мен деле.

— Макул мен барайын.

— Куттуктайм уулду болупсун!

— Рахмат! Мен кечигип жатам. Айдин күтүп калды, көрүшкөнчө – деп түшүп кеттим.

Менимче ал эч нерседен шек албады.

Үйгө киргенче шаштым…

Менде дагы жүрөк сыгылуу башталды.

Аны кайра-кайра көргүм келе берди.

Айдинди тааныштырып бул сенин уулун дегим келди бирок…

Айылдан шаарга жөнөп жаткам.

Жол боюна чыгып такси кутуп жатканбыз. Кайра эле ошол машине келип токтоду. Айдин барып дароо олтуруп алды. Мен да олтурдум.

Жол бою ата-бала ойноп кетишти бири-бири менен. Эх, эгер башынан үчөөбүз бирге болсок, болбойт беле? Эми мынтип экөө бири-бирине жат адам болуп баратышат. Ушуларды ойлонгуча шаарга да жеттик. Шаарга жеткенде

«Атанар кана Айдин? Силерди тосуп келбедиби?» – деп сурай калбаспы.

Айдин эмне десин байкушум:

— Атам ооо алыста. Бизге келбейт такыр. Анан апам түнү ыйлайт – деп тарс эте айтып салды баарын.

— Айдин болду токтот! Түш кетебиз. Рахмат алып келип койгонуңа.

Бирок ушул суроон ашыкча болду. И вообще неге узатып келдиң?

Не думаю что хочу тебя видеть. Көзүмө көрүнбөсөң мындан кийин да жакшы болмок – деп түшүп кеттим.

Ал эмнегедир унчукпады.

Бир жумадан кийин сейил бакта айланып жүрсөк, колунда гүл менен чоң бир топту кармап алып күйөөм келе жатыптыр. Таң эле калып калдым. Айдиндин сүйүнгөнүн айтпа топту көрүп.

Жиним келгени менен аны кет дей албадым. Көпкө жымжырт олтурдук. Анан ал:

— Эмнеге айтпадың кетип калдың. Эмнеге айтпадың Айдиндин менин уулум экенин – дегенде шок болуп калдым.

Кайдан билди? Кантип? Кандайча? Эмне дээримди биле албай туруп калдым.

—  айтышым керек эле. Айдин жалгыз менин уулум! Анын өзүм чонойттумбу ушул убакка чейин эми да чонойто берем.

Сенин эч кандай акың жок.

Сен ошол ажырашабыз деген күнүңдөн баштап, мен үчүн жоксуң.

Жакшы маанайды бузуп дагы эмне келдиң?

-Мен өз уулумду көргөнү келдим. Сени көргөнү келдим. Эгер такыр каалабасаң мен кетем макул – деп гулду таштады да, Айдинди кучактап, өөп алып кете берди.

Апамдарга чалып айттым. Алар да жаңылык айтышты. Кайненем менен кайнатам келип кечирим сурап менин кайтышымды суранышыптыр.

Угуп таң калдым. Эмнеге дагы башталды баары? Эмнеге?…

Телефонго чакыруу келгенинен алсам, ал экен

— Кел сүйлөшөбүз жакшылап. Менин сага айта турган сөзүм көп. Мен ката кылдым башында, бирок баарына түшүнүп жеттим.

— Мен макул болдум. Эмнегедир жок дей албадым. Анткени дагы да болсо аны кыя албайт элем.

Жолуктук уруштук, талаштык, ыйладык, жараштык. Көрсө жанагы кызы үйлөнөбүз деп жатканда көп суммадагы акчасын алдап алып качып кетиптир башка өлкөгө. Бул ошол убакта эле билген экен менин балалуу болушумду. Бирок батынып келе албаптыр. Анан чет мамлекетке иштегени кетип жакында эле келиптир. Келгенден бери эле менин изимден жүрөт экен. Кудай бардыгына жаза берет дегени туура экен. Кечиргим келет бирок кантип? Айдиниме кандай түшүндүрөм сенин атаң деп? Такыр башым жетпей жүргөндө, мени кафеге жолугушууга чакырды.

Бардым… Мына сага сюрприз! Жагымдуу вальс, шам астында. Анадан кийин музыканын коштосунда кечирим суроо, акырында тизелеп олтуруп менин колумду суроо. Бул эң жагымдуу болду мага. Кечирээк келген бактымды жоготуп алуудан коркуп, макул болдум баарына.

Биз туура кечиктик бирок бактылуубуз. Адам бирде жаңылат, бирде адашат туура.

Биз да бир жанылдык. Ал убакта жаш экенбиз да, түшүнбөдүк чыныгы сүйүү бул үй-бүлө экенин….

Азыр мына баары жакшы. Кудайга ыраазымын! Жакында дагы төрөйм. Баарыбыз чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

Турмушта түрдүү жаңылыштык болот. Бирок аны тууралоо өзүбүздүн гана колуңуздарда.

Автору М.Абдиева