«Мамлекетибиздин эң чоң улуттук байлыгы — бул биздин билимдүү жаштар», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 27-декабрда, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чарада.

     

Президенттик балатыда сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө, Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өтүп бараткан жылда дүйнө жүзүндө коронавирус илдетинен көптөгөн мамлекеттер жабыркап, Кыргызстанда дагы бул оору көптөгөн көйгөйлөрдү, анын ичинде билим берүү жаатында бир топ түйшүктөрдү жаратканын белгиледи.

«Бирок силер бардык кыйынчылыктарга карабастан, заманбап технологиялар менен жаңы программаларды өздөштүрүп, замандын арышынан артта калбай окуп жатканыңыздар мени абдан кубандырат. Дүйнө жүзүндө эң кымбат нерсе — бул билим. Ошол себеп, ар бир адам өмүрү өткөнчө билим алууга аракет кылат. Ошондуктан урматтуу балдарыбыз, урматтуу жаштарыбыз, биз силердин келечекте ымандуу, адептүү балдар болуп өсүшүңөрдү тилейбиз. Келечек жаштардыкы. Эртең силер мамлекеттин ээси болосуңар. Бирок ал үчүн көп эмгек кылып, көп билим алышыңаÑ € керек. Жаңы жылда жаңы кыялдар менен гана чектелбестен, ошол кыялдарга жетүүгө бардык аракетиңерди жумшагыла», — деп айтты Талант Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучу келе жаткан Жаңы жылда Кыргызстандын балдары мектеп программаларын өздөштүрүп, көңүлдөрүнө жаккан китептерди көп окуп, кыйышпас досторду таап, татыктуу билим аларына тилектештигин билдирди.

«Өмүрүңөр узун болсун, келечегиңер кең болсун. Жаңы жылда көптөгөн жетишкендиктер болсун, мамлекетибиз өнүп-өсүп, жамандыктар эски жыл менен калып, жаңы жылда жаңы ийгиликтер коштосун. Силерди келе жаткан жаңы 2021-жылыңар менен чын дилимден куттуктайм», — деп белгиледи Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов.

Президенттик балаты чыгармачыл балдар жамаатынын катышуусунда концерттик, театрлаштырылган программа менен коштолду.

Бул жылы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен балдарга арналган жаңы жылдык иш-чара онлайн-форматта өттү. Концерт Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) түз эфирде көрсөтүлдү.