Ырчы Самара Каримова Өзбекстан Республикасынан күтүлбөгөн сыйлык алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

 

— «Кыргыз-Өзбек» достугуна кошкон салымым үчүн, Өзбекстандын Ташкент шаарында жогорку деңгээлде концерт бергеним үчүн, Өзбекстан Республикасынын абройлуу “Музаффар.уз” сайты, белгилүү “Соадат» мамлекеттик журналы жана Өзбекстан Республикасынын Эл артисттер коомунун чечими аркылуу “Ардак грамота“, «Фахрий йорлик» менен сыйландым. Ар бир эмгегим, сүйүктүү өлкөм Кыргызстаныбыз үчүн! — дейт ырчы.

Белгилүү ырчы Самара Каримовага сыйлыкты Өзбекстан Республикасынын Эл артисти, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, Өзбек мамлекеттик Мукими театрынын башкы директору Мырза Азизов тапшырды.

Эскерте кетсек, Самара Каримова жыл башында Москва шаарындагы жеке концертин берген. Ырчынын кыргыз-орус маданий мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Мамлекеттик Думанын Ардак грамотасы менен сыйланган.