Кыргызстанда коронавирус 162 кишиден табылып, 237 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 59;
- Ош – 11;
- Чүй облусу – 42;
- Ош облусу – 6;
- Талас облусу – 7;
- Нарын облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 25;
- Жалал-Абад облусу – 10.
Айыккандар:
- Бишкек – 96;
- Ош шаары – 2;
- Чүй облусу – 70;
- Ош облусу – 12;
- Талас облусу – 1;
- Нарын облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 32;
- Жалал-Абад облусу – 14;
- Баткен облусу – 7.
Тилекке каршы, кечээ коронавирус Бишкек шаарынан бир адамдын өмүрүн алган.
Жалпысынан алганда өлкөдө COVID жуктургандардын саны 80 535ке жетти. Анын ичинен 75 057 бейтап айыкса, 1 349 адам каза тапкан.
Учурда ооруканаларда 1 265 бейтаптын коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 346 адам оор абалда болсо, 65 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.