«Тарых бизге азыркы пандемия акыркы пандемия эмес экендигин билдирди. Бир жыл мурун COVID-19 биз үчүн таптакыр белгисиз болгонуна ишенүү кыйын. Акыркы 12 айдын ичинде биздин дүйнөбүз баштан-аяк өзгөрдү. Коронавирус алып келген оорулар дүйнөгө тийгизген таасири оорунун өзүнөн ашып, коомдорго жана экономикаларга чоң таасирин тийгизди» ,-деди Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун төрагасы Адхан Тедрос 27-декабрда белгиленген Эл аралык эпидемияга каршы күрөшүү күнүнө байланыштуу видео кайрылуусунда.

Гебрейесус эпидемиологдор көп жылдар бою дүйнө пандемияга даяр эмес деп эскертип келишкенин эскерди. ДССУнун башчысы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн болуп өткөн окуялардан сабак алууга, алгачкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга инвестиция салууга чакырды.