Кечээ, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун үгүт кербени Нарын облусунда болду. Талапкер эл менен жолугушуунун алдында Ат-Башы районундагы Чеч-Дөбө ыйык тоосуна барып, ата-бабалардын арбагына куран окутуп, зыярат кылды. Андан соң, күндүн биринчи жарымына мерчемделген жолугушуу Нарын шаарынын борбордук стадионунда Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун эли менен болду. Кышы катаал Теңир-Тоо эли күндүн суугуна карабай түп көтөрүлүп келип, талапкердин шайлоо платформасы менен таанышты. Андан соң, адаттагыдай эле жергиликтүү эл менен Садыр Жапаровдун ортосунда ачык, жандуу баарлашуу жүрүп, тургундар өздөрүнүн көкүрөгүндөгү бир топ сунуштарын, суроолорун узатышты. Мал киндиктүү, тоолуу жерди мекендеген Нарын элинин суроолорунун басымдуу бөлүгүн айыл жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү, жумуш орундары менен камсыздоо, сот, укук коргоо тармагындагы кемчиликтер, облус аймагындагы тоо-кен тармагынын келечеги, жолдордун, социалдык обьектилердин эскилиги, ичүүчү жана сугат суулардын тартыштыгы, электр энергиясынын кымбаттыгы түздү.

   

Келип түшкөн ар бир суроого, сунушка маани берип, кеңири жооп узаткан талапкер Садыр Жапаров Теңир-тоо элине кайрылып, төмөнкүлөрдү билдирди;

“Катаал шартта күн кечирген кыргыз журтумдун ар бир көйгөйү, менин да жүрөгүмдү өйүгөн башкы суроо! Ушул күнгө дейре касиеттүү Теңир-Тоонун эли жалаң акыйкат деп, адилеттик деп күн кечирип, бийликтин буга чейин жасаган өкүмзордугуна каршы туруп, ар качан алдыга суурулуп, эч нерседен тайманбай, жазганбай тике туруп келдиңиздер. Акыйкаттын баасы тууралу, чындыктын салмагы тууралуу мен, баштан өткөргөн киши катары жакшы түшүнөм. Отуз жылдык жеке адамдын өз кызыкчылыгына иштеген мамлекеттик башкаруунун, кайдыгерликтин айынан экономикабыз эңшерилип, азыр кыйын абалга келдик. Мындан чыгуунун жол-жоболорун ойлоп, келечекке жарык издештирип, чечкиндүү жана ыкчам аракетке өтпөсөк, бардыгыбыз үчүн кыйын болот” – деди.

Ошону менен бирге, учурда өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, аны ишке ашыруу үчүн ар кандай жаман жолдорго барып, каралоо уюштуруп, элдин башын айлантып, бузукулук менен аракеттенген адамдар бар экенин, сөз кадырын түшүнүп, абийирди, намысты, ынтымакты бийик туткан Нарын эли мындай ыплас нерселерге ишенбей турганын айткан талапкер, кен байлыктар сатылып кетиптир деген каңырыш кептер менен элибиздин башын айланткан курулай каралоолор калп экенин, өлкөнүн аймагындагы ар бир кен байлык – элдин ырыскысы экенин мындайча  кошумчалады;

“Эгерде аларды иштете турган болсок, анда да эл кызыкчылыгын биринчи кезекте эске алып, жаратылышка зыяны тийбегидей, мамлекетке пайда түшкүдөй кылып иштетебиз.  Лицензия берээрде, сөзсүз эл менен эсептешүү керек! Кен байлыктар бизге – ата-бабабыздан аманат калган. Ал, жалпыңыздардыкы! Сиздерге кызмат кылууга тийиш! Тоолорубуз, сууларыбыз, ар бир ташыбыз, ар бирибиздин ыйык мурасыбыз!”

Талапкердин бул сөзү жолугушуунун катышуучулары тарабынан колдоого ээ болду.

Садыр Жапаровдун үгүт кербени күндүн экинчи жарымында Кочкор жана Жумгал райондорунун тургундарына келип жетти. Садыр Жапаровдун миңдеген тарапташтары талапкерди Кочкоррайонунун борбордук стадионунан кызуу кол чабуулар менен тосуп алышты.

Садыр Жапаров элге кайрылып, Кыргызстанда адам жүрөгүн ооруткан көйгөйлөр үйүлүп калганын, мунун бардыгы отуз жылдан бери келе жаткан кайдыгерликтин айынан болуп жатканын, Мекенге болгон милдетти татыктуу өтөй албагандык, шалаакылык, жалган отчёттор – буга чейинки бийлик башындагылардын элге жасаган кыянаттыгы  экенин айтты. Ошондой эле, алдыда Кыргызстан өнүгүүгө, жаркын келечек курууга жаңы кадам таштоо алдында турганын, бул үчүн бардык тармакта реформалар жүргүзүлүп, кесипкөй, абийирдүү, таза адамдардан жаңы команда куралаарын жана шайлоодо жеңишке жетсе бардык иштерге жоопкерчиликти өз моюнуна алаарын кошумчалады.

Кочкор жана Жумгал эли да талапкерге деп даярдай келген жүздөгөн суроолорун, сунуш-пикирлерин узатып, жеткиликтүү жооп алышты.

Жыйынтыгында, Теңир-Тоо элинин кулуну, белгилүү жазуучу, коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев жердештерине кайрылып, алдыдагы шайлоодо татыктуу талапкерге добуш берүүнү, ал үчүн ар бир жаран өз жүрөгүн тыңшап, туура чечим кабыл алуусу керектигин айтты. Шайлоодон кийин да элдин колдоосуна ээ болуп, шайланып келген президенттин колуна кол, бутуна бут болуп, колдоого алып, ар кандай чагымчылдык иштерге аралашып, кимдир бирөөгө курал катары колдонулбай, өлкөнүн өнүгүшүнө ар ким өз салымын кошуусу керектигин, тамырлап кеткен коррупция, тамтыгы чыккан кадр маселесин оңдоого бир эле адам туруштук бере албашын кошумчалады.

Андан соң ак сакал аталардын ак батасы арналып, Садыр Жапаров эл менен жылуу коштошту.

Аткаруучу: «Кадам-медиа.кж» маалыматтык порталы; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Гоголь көчөсү — 3.

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Нускасы: 1. 2020-жылдын 27-декабрында даярдалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).