1-адат. Максаттын жоктугу. Эгерде алдыга койгон максатыңыз жана планыңыз жок болсо, анда сизге эч качан мотивиция болбойт. Анткени максат менен план сизди алга сүйрөйт жана жаңы иш-аракеттерди аткарууга түрткү болот, сизге мотивацияны пайда кылат.
2-адат. Өзүңүздү башкалардын ийгилиги менен салыштырбаңыз. Сиз өзүңүздү башка бирөөнүн ийгилиги менен салыштырбаңыз. Себеби, башкалардын жетишкендиктерин карап олтуруп өзүңүздөгү мыкты сапаттарды баалай албай каласыз. Чөкпөңүз. Ар бир адам өз алдынча уникалдуу, ийгиликке жетишкендер болгону ал ишти сизден эрте баштаган болушу мүмкүн.
3-адат. Пайдасыз нерселер менен алек болуу. Жашообузда азгырма нерселер көп. Мисалы: интернет, телефон оюндары, керексиз видеолорду көрүү, адамдын өстүргөнгө салымы жок эле маалыматтар менен таанышуу сыяктуу нерселер убактыңызды текке кетирип, шыктанууну жок кылуусу мүмкүн.
4-адат. Өзүңүздү бир жерде токтоп тургандай сезүү. Жаны идеаларыңыз жок же жашооңузду жөн эле өткөрүп жаткандай.