Бир улуу инсанга кабарчы келип, сиздин көп жук жүктөлгөн көптөгөн кемелериңиз деңизде катуу толкунда чөгүп кетти — дейт. Анда ал улуу инсан:
Аллахка шүгүрлөр — дейт экен…
Бир аздан соң башка кабарчы келип, ал чөккөн кемелер сиздики эмес, башканыкы экен. Сиздин кемелериңиз эсен-соо келди дейт.
Анда ал зат:
-Аллахка шүгүрлөр дейт
Угуп олтурган адам таң кала, эмнеге эки кабарга тең бирдей Аллахка шүгүр деп жооп бергенин сурайт.
Жоопту угуп ошол мүнөз, ошондой ой жүгүртүү менде да жашаарын ойлоп кубандым
Жооп:
Кемелеримде көп байлык, мал дүйнө бар эле, алардын баарынан кол жууганымды угуп да жүрөгүмдө эч кандай сезим болбоду. Кыпындай да кайгырбадым. Мал дүнүйөнүн менин жүрөгүмдо эмес экендигине Аллахка шүгүр дедим.
Экинчи кабарды угуп, ошончо мал дүйнөнүн ээси болдум, соода, сапар ийгиликтүү болду, аны билип да жүрөгүм ордунан козголбоду. Мал дүйнөлуу болгонума кубанбадым. Байлык үчүн кубанган да, кайгырган да жокмун, ошого Аллахка шүгүрлөр дедим — деген экен.
Былтыр ушул айда Парадтын эртеси 10-май күнү бир лөлү кассада 5000 рублга алдап кеткен. Кече 24.06 парад күнү да 5000 рублдык купюра менен 2000р айланасында алдап кетти. Бирок жүрөгүмдө эч кандай сезим, кыпындай да кайгыруу болбоду… отчет даярдап жатып, муздаткычтагы бал муздакты санасам 120нын айланасында балмуздак ашык чыкты… Көп учурда 5-10 даана жетпей калчу. 120 даана балмуздак 12 000 рубль болот. Аны билип да жүрөгүм ордунан козголбоду… кубанбадым. Кыз балдар көбүнчө паникачы болот эмеспи, парктын борборундагы чекитте иштеген кыргыз кыз бар. Анын 19 балмуздагы жетпей калып, кайгырып жатыптыр… ага 19 даана белек кылдым. Жетпей калган учурда өз капчыгыбыздан төлөйбүз. Менде ашык чыгып калды… Биздин компания Москвадага N:1 эң мыкты балмуздак, Гиннес рекорддор китебине кирген. Армяндар негиздеген, армяндар башкарат. Менеджерим да өзү жаш, жумуш даражасы жогору адам. Бүгүн ага жаздым, ушундай болду, ашып калды деп. Аны эч кимге айтпай сатып, чөнтөгүмө салып койсом болот эле. Бардык отчетторум туура кайра-кайра текшерилген, балмуздакты 3 ирет эсептедим, бирок ашыкча чыкты ушунча даана дедим. Аны укканда таң калуу менен кабыл алды, бир жагы мынчалык көп ашканына, экинчи жагы аны жашырбай айтканыма.
Байлык бирде болот, бирде жок. Дүнүйө үчүн өзгөрүлбөй, адам бойдон калалы.
Суу кеменин алдында артында, айланасында, түбүндө болсо кеме сүзүп кетет. Эгерде суу кеменин ичине кирип кеткен болсо кеме чөгүп кетет. Байлык, дүнүйө да чөнтөгүбүздө, капчыгыбызда, колубузда болсун. Жүрөгүбүзгө кирип кетпесин. Антпесе ал дозоктун гана отуна чоктуруусу мүмкүн.
Келкел романында жазылган, айтылуу Акбалбан баатырдын сөзүндөй: «МАКИРӨӨ ООКАТКА ЭҢИЛИП ТҮШПӨГӨН» дегендей, дайым ак иштеп, арам тамакка жакындабай жашоого тарбиялаган атакем Исраил Зулпуевичтен Аллахым ыраазы болсун, өмүрүнө береке берсин
Арзыбаган акчаны жашырып пайда тапкандан көрө, кыргыз мындай болот, МУСУЛМАН чынчыл болот деген ойду калтыргым келди…
Нурсултан Зулпуев
Интернет булактарынан алынды.