Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары өз өмүрүн бүт милиция кызматына арнаган татыктуу офицерден айрылды. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлады.

Сапарбай Ирискулов 1941-жылдын 23-мартында Ош облусунун Өзгөн районунун Жээренчи айылында туулган. Милициянын полковниги, СССР ИИМдин Алматы атайын орто мектебин 1967-жылы бүтүргөн, андан соң Ленинград аскердик-саясий жогорку окуу жайын 1976-жылы бүтүргөн. 1964-жылдан баштап Бишкек шаардык ИИБдин атайын дивизионунун кайгуул-күзөт кызматынын милиционери, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБде участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, андан кийин ушул эле бөлүмдө начальниктин орун басары, саясий-тарбиялык иштер боюнча бөлүм башчысы, коомдук тартипти сактоо бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз ССР ИИМдин Ведомстволук эмес күзөт башкармалыгында полк командири, коомдук тартипти сактоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1994-99-жылы коомдук тартипти сактоо башкармалыгынын начальниги болгон. Кызматындагы эмгектери үчүн ИИМдин медалдары менен сыйланган. Милициянын отставкадагы полковниги Сапарбай Ирискулов мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу ИИМ аза күтөт жана туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.