АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) Кыргызстанга 652 миң долларга медициналык жабдыктарды берди. Бул тууралуу Американын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Лабораториялык аппараттар Бишкек, Нарын, Ош шаарларына жана Нарын облусунун Ат-Башы районуна жеткирилет. Жабдыктар COVID-19 вирусун аныктоо үчүн 2700 адамга анализ жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Бул кайрымдуулук кадам COVID-19 эпидемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанды колдоо үчүн CDC тарабынан убада кылынган 1,38 миллион долларлык колдоонун бир бөлүгү болуп саналат. Жогорку кубаттуулуктагы кычкылтек концентраторлорунан баштап, алдыңкы эпидемиологиялык анализ программаларына чейин АКШ Өкмөтү, АКШнын Эл аралык кызматташтык агенттиги (USAID), CDC жана Мамлекеттик департаменти аркылуу 5 миллион доллардан ашуун өлчөмдөгү жардам көрсөтүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда акыркы маалыматтар боюнча коронавирус илдетин 80 миң 535 адам жуктурду, андан 1349 адам көз жумду, 75 057 бейтап айыкты.