Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Алексей Мощиндин арызынын негизинде Ички иштер министрлиги тергөө чараларын баштаган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги жана анын бөлүмдөрү тергөө-оперативдик иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Мелис Аспековго байланыштуу текшерүү Чүй облусунун ички иштер башкармалыгына, Төрөхан Жунусбековго Талас облусунун Ички иштер башкармалыгына тапшырылды. Материалдар Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын көзөмөлүндө.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Алексей Мощин БШКга жана Ички иштер министрлигине Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековго каршы арыз жазган. Анын айтымында, алар президенттикке талапкердин штабынын кызматкерлери эмес жана ага эч кандай тиешеси жок, бирок алар өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызмат ордуна талапкердин атын жана үгүт материалдарын колдонушууда.

Булак: Медиа центр