КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов, КР Өкмөтү тарабынан берилген тез жардам унааларын Баткен облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна тапшырды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиргендей,тез жардам унаалары Исфана шаарына, Лейлек районунун Кулунду, Баткен районунун Самаркандек, Кадамжай районунун Үч-Коргон жалпы дарыгерлер борборуна тапшырылды. Бул атайын унааларда бейтапка медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн. Жасалма дем алдыруучу ИВЛ апараты да орнотулган.

Белгилей кетсек облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун эсебинде, облус боюнча 44 тез жардам унаасы бар. Анын сегизи, 2020-жылы мамлекет тарабынан берилсе, тогузу, демөөрчүлөр жана эл тарабынан берилген.