Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда уникалдуу операция жасалды. Тактап айтканда, жүрөктүн жалпы дүлөйчөсүн радикалдык коррекциялоо операциясы болгон. Бул тууралуу бүгүн, жергиликтүү маалымат каражаттарына  борбордун кардиохирургу Калдарбек Абдраманов билдирди.

Анын айтымында, операция 13 жаштагы кызга жасалган.

«Жасалган операция оор болду. Бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду», – деди ал.

Абдраманов белгилегендей, статистикалык маалыматтарга ылайык, үч камералуу жүрөк – өтө сейрек кездешүүчү аномалия, ал жүрөктүн тубаса кемтиги бар бейтаптардын 0,1 пайыздан азында гана кездешет.