Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов 2021-жылга пландалган 10 көлөмдүү өндүрүштүк ишкананын демонстративдик долбоорун сунуштады.

 

Презентацияга 14 ММК өкүлдөрү жана, 4 ишкерлер ассоциациясы, бирикмелердин жетекчилери, экономика министрлигинин адистери, эркин экономикалык серепчилер катышышты.

Жарасул Абдураимов ар бир долбоордун, сырье алуудагы мүмкүнчүлүгүн, экологиялык жактан пайдасын, киреше булагын, ал түгүл курулуучу ишканалардын долбоору, алынуучу жабдыктардын фирмаларын, алардын артыкчылык-кемчилиги менен кошо сунуштап, флешкада ар бир катышуучуга таратып берди.

Ишкерлер жаңыча көз караш менен болгон мындай долбоорлор менен таанышып кубанып турганын билдирип, өз ара талкуулап, кенен маалымат берүү үчүн кайрадан дагы ички жана тышкы инвесторлор менен жыйын өткөрүү сунушташты.

Сунушталган долбоорлор төмөнкүлөр:

1. Композиттик курулуш заводу;
2. Электромобиль такси кызматы ( Кара- Суу шаарында )
3. сопропель ( жер семирткич) өндүрүү;
4. Бал өндүрүү жана экспорттоо
5 ТЭЦ терден чыккан калдыктарды кайра иштетүү;
6. Панель курулуш материалын өндүрүү жана жеңил конструкция менен турак- жай куруу;
7. Минералдык суу чыгаруу, экспорт
8. Сублимациялык кургатуучу ишкана жана, сапатуу азыктар;
9. Балык чарбачылыгы;
10. Тери кайра иштетүү жана экспорттоо.