Блокчейн англис тилинен «блоктордун чынжыры» деп которулат. Эгер андан дагы жөнөкөй айтса, бул жалпы сервердеги маалымат сактоочу шайманы жок маалымат базасы. Мындай тутумдагы маалыматтар ушул маалыматтар базасына туташкан бардык компьютерлерде бирдей сакталат.
Блокчейн – бул ар кандай маалымат базаларын курууга арналган ар тараптуу курал. Бул система ортомчуларсыз алмашуу тутуму катары иштелип чыккан, ошондуктан коррупцияны, уурулукту, алдамчылыкты жана адам фактору менен байланышкан бир катар башка тобокелдиктерди жокко чыгарат.
Бир нече жылдын ичинде эле блокчейн технологиясын жашоо турмуштун ар кандай тармактарында жайылтууга аракет кыла башташкан. Көптөгөн өлкөлөрдө анын колдонулушу каржы сектору менен гана чектелип калбайт. Блокчейнди колдонуунун эл аралык тажрыйбасы медицинада, шайлоо тутумунда, камсыздандырууда, логистикада, сатып алууларда, акылдуу шаарлар тутумунда жана башка тармактарда толукталып келе жатат. Практикалык колдонууда эч ким шек санабайт. Технология акчаны, документтерди жана баалуулуктарды башкарууну түп-тамырынан бери өзгөртүп жатат. Ортомчуларды, комиссияларды жок кылат, чектерди өчүрөт, жогорку деңгээлдеги коопсуздук, ачыктыкты камсыз кылат.
Блокчейн өзү картотекага окшош. Ага бардык иш-аракеттер боюнча жаңы маалыматтар ырааттуу түрдө кошулуп турат. Ал бир дагы сервери жок эле түзүлөт. Андагы маалымат ишенимдүү шифрленген. Коопсуздук үчүн, ал ар кандай жерлерге жайгаштырылып, көп жолу көчүрүлөт. Текшерүүдөн кийин, бардык жаңы маалыматтар автоматтык түрдө бардык көчүрмөлөргө көчүрүлөт. Эгерде картотекага мүмкүнчүлүгү бар катышуучулардын бири кандайдыр бир аракеттерди жасаса, алар мүмкүнчүлүгү бар бардык катышуучуларга көрүнүп турат.
Биринчиден, бул ар кандай маалыматты жана баалуу ресурстарды алмашуунун уникалдуу жолу, экинчиден, бул борбордон ажыратылган система. Ал дүйнөнүн бир дагы борбору тарабынан көзөмөлдөнбөй, автономдуу түрдө башкарылат. Демек, аны бузуу же өчүрүү кыйынга турат. Ачык-айкындуулук – маалыматты оңой эле көзөмөлдөп жана тутумдагы бардык аракеттер анын бардык катышуучулары үчүн жеткиликтүү болот.
Блокчейн технологиясы салттуу банк моделиндеги кемчиликтерди жоюу үчүн пайда болгон. Мисалы, төмөнкү көйгөйлөрдү чечет: акча которуулардын ылдамдыгы, ортомчулук үчүн комиссияны жокко чыгарат. Таркатылган блокчейн маалыматтар базасы хакердик мүмкүнчүлүктү жокко чыгарат, анткени тармактын катышуучуларынан маалымат базаларынын бардык көчүрмөлөрүнө бир убакытта мүмкүнчүлүк алуу мүмкүн эмес.
Жалпысынан алганда, бул борборлоштурулган каржылык уюмдардан, ортомчудан кутулууга мүмкүндүк берет.
Эл аралык тажрыйбада, маалыматтарды бурмалоодон коргоп, добуш берүү тутумдарын түзүү үчүн технология көптөгөн өлкөлөрдө сыналууда. Азырынча негизги пилоттук чечим – бул тутумдун борборлоштурулушун жок кылуу мүмкүнчүлүгү, эгерде анын көптөгөн көчүрмөлөрү көзкарандысыз катышуучуларда болсо. Ошондой эле, чыгымдарды кыскартуу жана манипуляцияны азайтуу үчүн кагаз бюллетендерди жок кылуу жана жеке электрондук шаймандар аркылуу добуш берүүнү колдонуу иштери иштелип жатат.
Блокчейн тутуму шайлоодо бир нече жолу добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат, анткени тутум бардык жазууларды сактайт жана аларга кирүүдө автоматтык түрдө тутумдун катышуучуларынын аракеттери жөнүндө кабарлайт.
Блокчейндин практикалык артыкчылыктары:
Маалыматтын ачыктыгы жана коопсуздугу
Маалыматтардын ишенимдүүлүгү
Коопсуз маалыматты сактоо
Бардык катышуучулардын пайдалануусунун толук теңдиги
Анонимдүүлүк
Маалыматтык материалдар МТБМКнин алдындагы «Digital CASA – КР» колдоосу менен даярдалган.
Интернет булактарынан алынды.