Бүгүнкү күндө «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасында катышуучулары маалыматтар менен алмашкан 703 ар кандай сервистер катталган. Аларга кирүү мүмкүнчүлүгүн Бирдиктүү идентификациялоо системасы (БИС) камсыз кылат.
Бирдиктүү идентификациялоо системасы КРнын жаранына Интернетте мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун, ошондой эле мамлекеттик эмес уюмдардын бардык порталдарына “кирүүгө” жана жеке маалыматтарга жетүү жана аларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн алууга мүмкүндүк берет.
Башкача айтканда БИС жалгыз бир эсепке алуу жазуусун колдонуу менен жүзгө жакын санариптештирилген мамлекеттик кызматтарды толук кандуу коопсуз колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Бул биздин өлкөдөгү мамлекеттик кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн ыңгайлуураак кылат, миллиондогон маанилүү купуя белгилерди жаттап калуу зарылчылыгын жок кылат, дүйнөнүн кайсы болбосун булуң-бурчунан КРнын мамлекеттик кызматтарын жана документтерин алууга мүмкүнчүлүк түзөт, ошондой эле ишкер жана демилгелүү адамдарга бул санарип жаңылык көптөгөн убакытты, күч-кубатты жана акчаны үнөмдөп берет!
Бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобо 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген.
БИС төмөнкү дарек боюнча жеткиликтүү: esia.tunduk.kg.
Долбоор Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Түндүк” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.