Бир жылдары квартирада бир үй-бүлө менен жашап калдык. Алар Кыргызстандан келгичекти эле, бир келин келип, комнатага акча төлөп, тамак-ашын муздаткычка толтуруп, төшөнчү шейшеп, идиш аягынан бери алып, жайгаштырып, агам жеңем болот келе тургандар деп кетти.

Келген күндүн эртеси, экөөнү тең жумушка ээрчитип жүрүп жайгаштырды. Ай сайын кварплатасын төлөп турду. Тамак-ашын көтөрүп келип жүрдү. Бир күнү жеңеси, кайненеси менен сүйлөшкөнүн угуп калдым:

— Кой эле деп атабыз, көнбөй жатат, иштеген иштери бүтсө эле Турцияга кетишет экен.

— Өзү кете берсин ошол түрк менен, балдарды бербейм деди кайненеси.

Анан келин жарылды. Кайынсиңдиси бир түрк фирмада иштеп жүруүп, бир түрк киши менен табышып калыптыр. Ал киши менен никеге туруп, чогуу жашайт экен. Айылда кыйналып жашаган үй-бүлө экен. Жети бир туугандын экинчиси. Үйлөрү да урайын деген, чоң чоң аталарынан калган үй экен эле. Бул кыз күйөөгөо тийип, эки бала менен ажырашып калыптыр. Анан балдарын таштап Москвага келет экен да, түрк фирмага ишке кирип, ушундай нерсе болуптур. Акча салып үйуно үйлөрүн оңдото баштайт экен, атасына машина мингизиптир.Анан айылдагылар сөз кыла баштайт экен, ошол түркко тийип, түрк салып атат, тхрк кылып атат деп. Үйүндөгүлөр намыстанып, ошол үчүн булар келиптир иштегени.

Булар бир жылда кетип, ордуна иниси аялы менен келишти. Агасы өзүнө үй салып баштаптыр. Анын аялы да айтты, кайнежеси ошол түрк менен жашагандан бери жашоолору оңолуптур. Ал келин мурункудай эле келип, кварплаталарын төлөп, тамак-аштарын алып келип берип кетип атты. Булар бир жылдан ашык жүргөндө, айылдан апасы келди, келиндин эки баласын алып. Апасын аябай сыйлашты, кийиндиришти. Бирок апанын эч эле кабагы ачылбады. Үйдө ал жөнүндө сөз кылбаганы менен, кызы менен кыйла эле болушту. Балдарын таштап кетти. 5, 6 айдан кийин балдарын алып, ошол түрк киши менен Турцияга учуп кеткенин айтышты. Азыр деле ошол киши менен бактылуу болуп эле жашап атыптыр…

Бир тууган кайнежемин кызы да, Москвада иштеп жүрүп, зыңкыйган бир үй- бүлөнүн жалгыз баласы, түрк жигитке турмушка чыгып кетти.Түрктөр келип Ошко, бүт кыргыздын каада-салтын кылып, тойлорду кылып алып кетти. Бат бат акча салат экен кайнежемдерге, кыйналган үй-бүлөлөргө жардам бергиле деп. Кышында көмүр, орозонун алдында кой алып союп таркатып калат кайнежем. Андан сырткары ай сайын кайнежеме өзүнө акча салып турат, өзүңүздү жакшы караңыз деп!

Түрккң турмушка чыкты десе эле, жаман көрөбуз! Ар ким бактысын ар түрдүү табат! Түрккө тийгендер сойку эмес! Түрккө тийди десе эле бөт жаман нерселерди жазабыз, ойлойбуз!

Баян фейсбук колдонуучусу Айнура Жеенбекованын баракчасынан алынды.