Пандемиянын шартында кыргыз элинин оор күндөрүндө элге кол сунган эр-азамат уул-кыздары көп экенине дагы бир жолу ынандык.

Турмуштун сыноосуна кабылып, тагдырына баш ийип, мүңкүрөп, жардамга муктаждар болгон адамдарга жардам берүү үчүн самандай сапырылган акча эмес, мээримдүү, күйүмдүү көкүрөк, анан аракети бар жүрөк жетиштүү экен.

Биздин каарманыбыз буга чейин укук коргоо органдарында кызмат кылып, учурда эс алуудагы мекенчил инсан Руслан Аманбаев, тапкан кирешесинин бир бөлүгүн муктаждарга бөлүшүүнү максат кылып келет. Атап айтсак, жеке каражатынын эсебинен былтыры ушул учурда социалдык жактан аз камсыз болгон 50дөн ашык үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыгын тапшырган.

Мекенчил мырза Руслан Аманбаев буга чейин да жеке ишкер катары Беловодское айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жайкы эс алуу уюштуруп, мээримге зарыккан балдарга жайлоодогу таза абада ойнотуп, бактылуу учурларды тартуулаган.

Адамзаттын башына түшкөн пандемия апаатында дагы коронавирус менен ооругандарды дарылаган, күндүзгү жана түнкү стационарларда эмгектенген медицина кызматкерлерине ар тараптуу колдоо, материалдык жардам көрсөткөн ыктыярчы, белгилүү тележылдыз, коомдук ишмер Чынар Капарованын кайрымдуулук иштерине материалдык жана каржылык жактан колдоо көрсөткөнүн социалдык тармактар аркылуу маалыматыбыз бар.

Жакында эле коомдук ишмер, “Сен жалгыз эмессиң” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Назгүл Насиева демилгелеген иш-чарага Руслан Аманбаев өзүнүн “Күн чыгыш” фонду менен материалдык колдоо көрсөттү. Анда “Күн чыгыш” фонду Токмок шаарындагы психоневрологиялык интернатка 200 матрац жана санитардык-гигиеналык каражаттарды белекке берип, жаңы жылдык майрамдык маанай тартуулап келди. Төмөндө Назгүл Насиеванын ыраазычылыгын беребиз:

     

“Кайрымдуу инсандар өтө көп! Атымды айтпа, жазба дегендер да бар. Кээде жазбайм, жеке өзүнө эле жөнөтүм коем отчетту. Кээ бирөөлөрүн жазам. Мен төмөндөгү мырза жөнүндө кичине жазып өтөюн.

Аманбаев Руслан деген кыргыз элибиздин патриот уулу. Руслан менен көп жыл мурун таанышканымда эле, сүйлөгөн сөзүнөн түшүнгөм. Абдан жүрөгү таза, мыкты жигит. Колу ачык, берешен, жаркылдап күлүп турат. Көп жыл орган кызматында иштеп, азыр «Күн чыгыш» кайрымдуулук фонддун жетекчиси. Алдыда чоң-чоң эл аралык проектилерди даярдап, ишке ашыруу алдында турат. «Назгүл эже, жардам сурап пост жаздыңыз, мен да жардам берейин. Эмне керек?» дегенде эле, Русландан чоң эле жардам сурайын деп «200 штук мартац керек» дедим). Кечээ мени менен интернатка биринчи жолу барып, 200 даана матрацтарды калың кылып тиктирип, белек кылды”, — деп жазган.

Коомдо сунган колдор көп болсун! Сураган колдор аз болсун! “Күн чыгыш” фонду аты айтып тургандай эле турмуш шарты оор же ден соолугунан жабыркаган, муктаж жарандарга жардам берип, жашоолоруна күн болуп тийип, нур чачсын! Алдыңарга койгон максаттарыңар, эл аралык ири долбоорлор ишке аша берсин!