Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын кызматкерлери Мирлан Жаркымбаев жана Медет Абдылдаев Түп районунун Михайловка айылында кызматтык иш сапарында жүрүшүп, Аскат Алымбаевдин үй-бүлөсүнүн оор шарты менен кокусунан таанышып калышкан. Атасы жашы жете элек үч баласын ижарага алган батирде жалгыз тарбиялайт экен. Улуу баласы 5 жашта, кичүүсү 2 жашта. Жубайы, 2018-жылы кичүү уулун төрөп жатып көз жумган. Ар кандай убактылуу чыккан жумуштарда иштеп тапкан акчасы эптеп күнүмдүк жашоосуна жеткирип, турмуш өткөрүп жүргөн.


Милиционерлер кызматтагы кесиптештерине кайрылышканда, жалгыз атанын башына түшкөн оор кырдаал эч кимди кайдыгер калтырган жок. Ысык-Көл ОИИБдин МКККнын өзүнчө ротасынын жана туристтик милициясынын өздүк курамы, жаш наристелерге жаңы жылдык кереметти тартуулоону чечишти. Чогулган каражатка балдарга белектер жана жаңы жылды үй-бүлөсү менен тосуу үчүн тамак-аш сатып алынды.
«Жок дегенде бир үй-бүлөгө жардам берүүгө мүмкүнчүлүгүӊ болсо, анда өзүӊдүн салымыӊды сөзсүз түрдө кошуу керек. Айрыкча балдар жөнүндө сөз болсо. Себеби, ар бир наристе жаңы жылдык кереметке татыктуу. Кантсе да, жаңы жыл – бул кереметтердин жана каалоолордун орундалышынын мезгили эмеспи», – деп белгиледи, белектерди тапшырып жатып, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев.
Белеке тартууланган таттуулар балдар үчүн чыныгы керемет болсо, наристелердин чын жүрөктөн болгон кубанычы, милиция кызматкерлерине эң жогорку ыраазычылык болду.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы