Жакынкы он жыл ичинде дүйнөдө бухгалтер, таксист, алыска жүк ташуучу автоунаалардын айдоочусу жана чет тил мугалимдерине суроо-талап азаят. Бул тууралуу SuperJob сервисинин жетекчиси Алексей Захаров RT телеканалына билдирди.

Анын айтымында, пандемия көпчүлүк ишканалардын финансылык документтерин толугу менен электрондук форматка өткөрүүгө мажбур кылгандыктан, мурдагыдай бир нече бухгалтердин зарылдыгы болбой калат.

Ошондой эле ири шаарларда товарды кардарга жеткирүү боюнча учкучу жок учуучу аппараттарды колдонуу акырындык менен башталып келе жаткандыктан, бул жаатта таксилердин кызматы зарыл болбой калары айтылды.

«Жакынкы жылдары алыска жүк ташуучу автоунаалардын дагы айдоочулары жумушсуз калышы мүмкүн. Анткени көптөгөн машина өндүрүүчү компаниялар айдоочусу жок автоунааларды чыгаруу боюнча план түзө баштады», — деди адис.

Ал эми чет тилдерин билген адамдарды электрондук котормочулар алмаштырып жатканы кошумчаланды.