Ички иштер органдарындагы коррупциялык фактыларды аныктап, алдын алып, жоюу багытындагы иш аракеттердин жүрушүндө, УКМК ККК “Актилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жайгашкан Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынын(ИИББ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) инспекторлору тарабынан системалык түрдө пара алган фактылары катталды.

Такталган боюнча, жогоруда аталган пунктунан ЖКККБ  инспекторлору документтерди текшерүү шылтоосу менен туруктуу түрдө эл аралык жүк ташуу менен алектенген автоунаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 5000 сомго чейин акча каражаттарын алып турушкан. Бул пункттан күнүгө 100дөн 200гө чейин автоунаалар өтүп турат.

2020-жылдын 24-декабрында КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөзүлгөн ыкчам-тергөө иш чараларынын алкагында Чүй областтык  ИИББ ЖКККБ 3 инспектору — «М.Т.М.», «Ш.Р.М.», «А.С.А.» кармалды.

2020-жылдын 25-декабрында бул коррупциялык схемага тиешеси бар болгон Чүй областтык ИИББЖКККБбашчысы, милициянын полковниги «Б.Ш.И.» кармалды.

КР УКМК ККК, ИИМ ЖКККББ кызматтык адамдарынын арасында мыйзамсыз акча чогултууга тиешеси бар тараптарын аныктоо багытындагы ыкчам-тергөө иш чараларын улантууда.