Өткөн суткада өлкөдө коронавирус 119 адамдан табылып, 4 жаран каза тапты, 277 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек – 51;
Ош – 1;
Чүй облусу – 28;
Ош облусу – 10;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 18;
Жалал-Абад облусу – 2.
Айыккандар:

Бишкек – 59;
Ош шаары – 28;
Чүй облусу – 64;
Ош облусу – 31;
Талас облусу – 11;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 32;
Жалал-Абад облусу – 33;
Баткен облусу – 14.

Кечээтен бери коронавирус төрт адамдын өмүрүн алган. Анын үчөө Бишкектен болсо, бирөө Ысык-Көлдө каза тапты.
Ушуну менен COVID-19 жуктургандардын саны 80 654кө жетти. Анын ичинен 75 334ү ооруну жеңсе, тилекке каршы, 1 353 адам акка моюн сунган.

Өткөн суткада Бишкек менен Таласта эки медиктен коронавирус аныкталган. Анын бирөө (Бишкек) илдетти кызыл зонадан илештирип алганы айтылды.