Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевди Санкт-Петербург облусунун губернатору жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу Балбак Түлөбаев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Куттукттоодо губернатор А. Беглов бардык шаар тургундарын жана кыргыз элин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктаган. Кыргыз-орус мамилеси тарыхтан бери бекем, достук менен байланышып келе жатканын, мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты уланта берүүнү кошумчалаган.