« Урматтуу, Жарасул агай, мен да сиздей конструктор болуп самолет жасайм» -, деди Мырза- Аке айылындагы М. Раззаков атындагы жарым жетим жана тоголок жетим, аз камсыз болгон балдардын  жатак орто мектебинин 11- классынын окуучусу  Өмүрзак Нооманов Ош облусунун жаңы жылдык сыйлоо салтанатында.

Жарасул Абдураимов: «Мен ар жылы 30 дан баланы РФ нын Урал политехникалык институтуна тапшырып билим алуусуна жардам берип келем, Сени да окутам жана каражатын каржылайм. Болгону таштап жибербей оку, балам . Эртең Кыргызстандын кен байлыгын иштетүү, ири өнөр жай куруу силердей жаштардын колунда. Ал үчүн мыкты окуп, патриот болгула” деди өз сөзүндө.

Ош облус башчысынын фондунан 200 миң сом каражат бөлүнүп, ушул муктаж балдардын мектебинде окуган 185 баланын ар бирине жаңы белектер таратылды. Кубанган балдар, балаты тегеренип ырдап, Ж. Абдураимовду кошо чакырып ырдап-бийлешти. Мындан сырткары Өзгөн районунун акими Руслан Мейматкулов да балдар үчүн окуу жабдыктарын белекке тапшырды.

Ж. Абдураимов өз сөзүндө өзү да интернатта окуп билим алгандыгын, көйгөйүн жакшы түшүнө тургандыгын белгилеп, жайда бара турган жери жок балдар үчүн иштетилчү Саламаликтеги  жайкы лагерди капиталдык ремонттоо үчүн өзү демөөрчү таап, колго аларын билдирди. Мындан сырткары, окуу имаратынын жабдуу, шарттары үчүн мектеп директоруна ыраазычылык билдирди.

Анткени бул имарат 1970-жылдарды салынган жана 90- жылдардан бери ремонттон өткөрүлө элек, каражат маселеси чечилбей келген.

 

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы