КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов, 2020-жылы өрүк зар аймагындагы театр, маданият жана искусство тармагынын өсүп өнүгүүсүн колдоого алган өзгөчө салымы үчүн, “Өрүк зар меценаты” диплому менен сыйланды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Сыйлык Баткен облустук “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрынын жетекчилиги жана жамааты тарабынан тапшырылды.

Аталган театрдын жамааты ыйгарым укуктуу өкүлгө, жаңыдан облус башчысы катары ишин баштаары менен, маданият тармагына өзгөчө көңүл бөлүп, ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү жана өзгөчө, КР Эл артисти Апаз Жайнаковдун эстелигин тургузуу демилгесин колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Эл артисти, Баткенден чыккан таланттуу обончу жана аткаруучу Апаз Жайнаковдун эстелигин куруу демилгесин ийгиликтүү ишке ашуусун жана анын курулушун, жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди.