Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, өкүл шаарда жайгашкан балдардын психоневралогиялык социалдык-стацонарында тарбияланып жаткан балдарга барып, майрам менен куттуктап, ден соолук каалады. Ага калаа мэри Эрнисбек Ормоков да катышты.

Облус өкүлүнүн резервдик фондунан 103 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жылуу кийимдер тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган мекемеде 84 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала тарбияланат.