Президенттик шайлоого карата 311 эл аралык байкоочу катталды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ар кандай миссиялардын 113 өкүлү эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өттү.

Дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн 31 эл аралык уюмдардын атынан 311 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.

Эске салсак, президенттик шайлоо референдум менен бирге 10-январда өтөт.