Кыргызстанда 2020-2021-жылкы окуу жылында 5 окуучу кыздын боюна бүткөн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин башкы адиси Гүлшат Абдылдаева билдирди.

Анын айтымында, ал окуучулар кечки окуу маалына которулган.

Абдылдаева боюна бүткөн окуучу кыздардын кээ бири көз жарганын кошумчалады.