Президенттикке аттанып жаткан 4 талапкер биригүү меморандум кабыл алышты. Бул тууралуу алар бүгүн, 29-декабрда маалымат жыйын берип жатканда билдиришти.

Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев жана Канатбек Исаев эгер шайлоонун экинчи туру болсо арасынан бирдиктүү талапкерди колдоп чыгуу чечимине келишти. Маалымат жыйынында алар президенттикке талапкер Садыр Жапаров административдик ресурс колдонуп жатканын билдиришип, бир топ сындарды айтышты.

Кечээ бул талапкерлер КТРКда теледебатка катышышкан.

Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат.