Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүн келе жаткан жаңы жылы менен куттукташты.
Өтүп бара жаткан жылдын 28-декабрында милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызмат учурунда курман болгон кызматкерлеринин жубайларын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктоо үчүн барышты.
Ички иштер министрлигинин атынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин жубайларын жана алардын балдарын куттукташты.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин жубайларын социалдык жактан колдоого алуу жана ар тараптуу жардам берүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Куттуктоого барышкан милиция кызматкерлери ИИМдин атынан белектерин тапшырышып, бекем ден-соолук жана жакшы маанай каалашты.
Өз кезегинде алар тартип сакчыларына куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдиришип, ар тараптуу колдоолору жана жолдошторун унутпагандыктары үчүн ыраазычылыктарын айтышты.
ИИМдин КББнын Басма сөз кызматы