Ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонгон деп шектелип Бишкек мэринин мурдагы орун басары А.М.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ал шаар жетекчисинин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары болгон.

«Бишкек асфальт сервис» ишканасында жана Бишкек мэриясында болгон коррупциялык схемалар аныкталды. Тагыраагы, жолдорду куруу боюнча мамлекеттик сатып алуулар маалында шектүүгө тааныштыгы бар компанияларга артыкчылык берилген», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Иликтөө маалында 2015-2019-жылдар аралыгында А.М.К. колдогон компанияларга 100 миллион сомдук муниципалдык заказдар берилгени белгилүү болгон. Бирок жумуштар толук көлөмдө аткарылган эмес.

Шектүү 29-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

А.М.К. аттуу инициалдарга Бишкек мэринин 2019-2020-жылдардагы орун басары Амантуров Мирлан Казылаевич туура келүүдө. Ал «Бишкек асфальт сервис» ишканасында 2007-2019-жылдар аралыгында жетекчи болуп эмгектенген.