2020-жылдын 30-декабрь күнү Бишкек шаарынын эски аянтында милициянын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү. Жаңы жылга карата коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын бөлүктөрү жер-жерлерде уюштуруучулук жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Жаңы жыл майрамдарына даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” буйругу чыккан.
Жаңы жыл майрамдарынын алдында ИИМ шаарда жана региондордо калктын корголуусун камсыздоого багытталган алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө, калк жыш чогулган жайларда, соода-түйүн жана башка борборлордо коопсуздук чараларын күчөтүп, мамлекеттик, жеке жана өзгөчө маанилүү обьектилерди кайтарууну күчөтүү боюнча чараларды кабыл алды. Андан сырткары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду. Түзүлгөн кырдаалга карата ыкчам чараларды көрүү үчүн жетекчилик курамдын күн-түн нөөмөтү киргизилип, күчөтүлгөн ыкчам-тергөө топторунун иши камсыздалды.
Милициянын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосун жыл сайын өткөрүү салтка айлангандыктан, анда ИИОнун кызматкерлеринин кызмат өтөөгө киришүүгө жана коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча өз милдеттерин аткарууга өтүүлөрү, андан сырткары кызматкерлердин сырткы көрүнүшүн, саптык тизилүүзүн текшерүү үчүн өткөрүлүп келет. 2020-жылдын 30-декабрь күнүнөн баштап 2021-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөгө киришет.
Гарнизондук саптык тескемеге ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын, кызматтардын начальниктери, ички иштер органдарынын ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Аталган иш-чарада ички иштер министри Улан Ниязбеков гарнизондук саптык кароодо милиция кызматкерлерине кайрылды. Анда ал: “Урматтуу кесиптештер! Үзөнгүлөш эр азаматтар! 2020-жылды аяктап жатып өлкөбүздүн турмушунда бир катар өзгөчө маанилүү саясий, социалдык окуялар болду. Ага Кыргызстандын ар бир жараны жана ар бир милиция кызматкери күбө болду. Кыргыз милициясы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди татыктуу аткарып, сыноолордон өттү. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун кыргыз милициясы сыноолордон сынбаган, түгөнгөн сайын түтөгөн, эр кыргыздын элим, жерим деген, күнү — түнү күзөттө болуп коомубуздун тартибин сактаган жоокери катары кызмат кылгандыгыныздарга ыраазычылык билдиремин. Милициянын эр азамат жигиттери кылым карытып иш кылды, берген антына жана намысына бекем турду. Журтту коргоп чеп болду, намысына шек келтирбей, өмүрү бычактын мизинде турса да, элим, жерим деп кызматын Мекенине арнаган эр азамат шер болду.

 
Сегиз кырдуу, бир сырдуу, сөзү так жана ачык, көңүлү жарык көөдөнүндө эрдик уялап, өз сөзүнө турган, кайратынан таш сынган, илебинен муз ээриген, иштеген ишине айткан сөзү дал келген элибиздин сакчысы экенибизди биз эч качан унутпоого тийишпиз. Биз, коомдук коопсуздукту жана жарандардын бейпилдигин, алардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын, коомубузда туруктуулукту сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча көптөгөн ыкчам, иликтөө иштерди аткарып, башыбыздан ийгиликтерди жана көп сыноолорду өткөргөн жыл болду.
2020-жылы Кыргыз милициясы өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал убагында өзүнүн кызматтык милдеттерин эр жүрөктүүлүк менен аткарып күнү -түнү чекте турду. Ааламды каптаган пандемия Кыргыз милициясынан айланып өтүп кете албады. Катарда турган ондогон эр азаматтарыбыз жана Ардагерлерибиз кабыргабызды кайыштырып арабыздан кете берди. “Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы, Кайда калбайт эрдиктердин көз жашы, Эгер “кел!” деп элим, журтум чакырса, ойлонбостон “жарайт” деп айткан сөз жакшы деп”, — аталарыбыз айткандай, биз баарыбыз Мекен чегинде экендигибизди эстен чыгарбоого тийишпиз. Биз, каза болгон кесиптештерибиздин жана ардагерлерибиздин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Биз, алардын эр жүрөктүүлүгүн жана Мекеним деп күйүп жанган жаркын элестерин эч качан унутпайбыз. Биз алардын жакындарына дайыма кол сунуп жардамыбызды аябайбыз!!
Мамлекеттин туруктуулугу, жарандардын бейпилдиги жана ишеними милициянын бирдиктүү жана сапаттуу ишинен билинет. Милициянын ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири элдин ишеними экендигин биз абдан жакшы билебиз. Мындан ары да жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып, элдин ишеничин актап, коомдун коопсуздугун жана мыйзамдардын бекем сакталышын көзөмөлдөп, ички иштер органдарынын аброюн бийик көтөрүүдө ар бирибиз адилет иштеп кыргыз элине ак кызмат кылууга чакырамын.
Алдыда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өнөктүгү турат. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жана шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоону талап кыламын. Жалпысынан ички иштер министрлиги шайлоону өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоого даярбыз. Биздин алдыбызда өтө жооптуу жана маанилүү милдеттер турат.
Мындай жооптуу иш бизден тактыкты, туура чечим кабыл алууну, мыйзамды урматтоону жана кесипкөйлүктү талап кылат. Биз так жана ыкчам иш жүргүзүүгө тийишпиз. Баардыгыңыздарга конкреттүү тапшырмалар берилген. Ошол себептүү коюлган тапшырмаларды ак ниеттүүлүк менен убагында аткарып, мыйзам чегинде иш алып баруу керектигин эскертемин.
Урматтуу кесиптештер! Сиздерди келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктап, кесиптик ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалаймын! Бардыгыңыздарга жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгилик, Кыргызстаныбызга тынчтык жана өнүгүү каалаймын! Келе жаткан жаңы жыл баарыбызга ийгиликтерди алып келсин. Жаңы жылыңыздар менен!”,-деп куттуктады ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков.
Аянтта өткөн гарнизондук саптык кароого ИИМдин бардык бөлүктөрү: ИИМдин Ички аскерлеринин аскерлери, ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун, ЖКККББнын, Күзөт кызматынын милиционерлери, Бишкек ШИИББдин жана Чүй ОИИББдин аймактык башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
ИИМдин Басма сөз кызматы