2020-жыл дагы сапарын карытып барат. Келээрки жаңы жыл менен жаңы жашоону баштабасак болбойт. Кыргызстан качанкыга чейин бир ууч кузгундардын таландысында калышы керек. Президентик такка талпынган айрым талапкерлердин мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, тазалык тууралуу сөздөрүн угуп отуруп, алардын эки жүздүүлүгүнө таң бердик. Өзгөчө КТРКнын теледебаттарында биринен бири өтүп, укук, тартип тууралуу сүйлөсө жан чыдабайт. Булар эмне элдин эске тутуусу өтө эле начар деп ойлошобу? Же карапайым калкты такыр эле караңгы, келесоо көрүшөбү?
Бүгүн мыйзамдуулук тууралуу бакылдап жаткандардын бири кечээ эле УКМКны башкарып, ошол мыйзамдын быт-чытын чыгарып, өз билгенин кылды эле го? Дагы бири депутаттык мандат сатмай шылуундук топтун ана башчыларынын бири болуп, парламенттеги 10 жылдык ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулукту орнотуу боюнча кымындай иш кылган эмес. “Жаман иттин аты Бөрүбасар” демекчи, Кыргызстаныбыздын атын алган “Кыргызстан” партиясы быйылкы парламенттик шайлоодо эмне кылды? Бир добушка 3 миң сомго чейин берип, мыйзамыңды урганым жок дебедиби?! Ошол партиянын лидери болгон көпөс кайсы арына мамлекетти башкарам деп жатат? 5-октябрда мыйзамдуулукту тебелеп-тепсегендерге каршы эл көтөрүлүп чыгып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарбаганда, бүгүн ал кашыктап чачкан акчасын чөмүчтөп чогулта баштамак.
Жерибиздин кертилишине опол тоодой салымы бар дагы бирөө мамлекетибиздин бүтүндүгү тууралуу кеп салып жүрөт. Мамлекеттин эбегейсиз мүлктөрүн ит бекер менчиктеп алган экс-депутаттар “президент болуп калсам Кыргызстандагы коррупцияны токтотом” – деп атат. “Уялбагандан өзүң уял” – дегендей эле болуп атат бул жагы. Президенттикке талапкерлигин койгон эски саясатчылар биригип Садыр Жапаровго каршы бирдиктүү чабуулга өтүп жатышы жөн жерден эмес. Бардыгынын артында калбыры бар. Бири дагы таза эмес. Акыркы эки ай ичинде күн сайын коррупция беренеси менен мурдагы, азыркы чиновиниктер кылтакка илинип, катары менен камакка алынып жатат. Бүгүн колу таза эмес чиновниктердин баарынын жүрөктөрү дүкүлдөп, түн уйкудан калышты. Анткени жооп берчү мезгил келе баштады. Садыр Жапаров президенттик кызматка шайланып калса, коррупцияга каршы күрөш өзү айткандай 10 эсе тездик менен уланат. Элдин эсебинен байып, кайсы президент келбесин колтугуна кирип алып, өз билгенин кылып жүргөндөрдүн азыркы жыргал турмушуна чекит коюлат. “Мурдагыдай калсын, эскиче эле жашайлы” деп жаткандар бүгүн Садыр Жапаровго өтө чоң каралоо жүргүзүүдө. Бирок эл деген сел. 2020-жыл менен Кыргызстандагы коррупция, мыйзамсыздыктарга кошуп, аны жасап жүргөн экстердин баарын тарыхтын таштандысына ыргытышыбыз керек. 2021-жылдан баштап, Кыргызстандын жаңы барагын ачуу керек. Бүгүн элдин каалоосу дал ушундай. Бул максатка Садыр Жапаров менен гана жетээрин эл да эң жакшы түшүнүп, бир ооздон аны колдоп жатканы да ушундан!