Блогер блок
Кайыненем аяз ата болуп кийинип алып, кечирим сураганы келиптир … Кечириштик …
Күйөөм экөөбүз ээрчишип алып чыгып кеттик. Мен ыйлап бүтсөм, ал ыйлайт. Кайра экөөбүз чогуу ыйлайбыз. Кайыненем эмне дегенин айтпай эле коеюн. Сөздөрү ушундай ачуу эле. Эстегим дагы келбейт. Ал күнү аяшыбыздыкында түнөдүк. Эртеси андан карыз алып, батирге чыктык. Билесиңерби, эми бактылуу жашайбыз деп ойлогонбуз. Жашай албадык. Кантип, айтсаңар, кантип бактылуу болобуз?
Күйөөм жумуштан маанайы жок келет. Чогуу отуруп унчукпай тамактанабыз. Кайын энеме чалабыз. Албайт же трубканы басып коет. Кечээ өзүмдүн апам келип кетти. Баары жакшы болорун айтып, кеңештери менен бөлүшүп, аз да болсо маанайыбызды көтөрдү.
Ушул жерден бир нерсени айткым келди. Күйөөм менин апама аябай жакын. Экөөнүн сөзү бүтпөйт. Кээде мени унутуп деле коюшат. Кечээ апам келгенде ашканага чыгып кетсем, бирөөнүн бышылдап ыйлап жатканын уктум. Акырын барып карасам, күйөөм апамдын тизесине жатып алып ыйлап жатыптыр. Билмексен болуп артка кетип калдым. Кайын энеме эмне кылсам дагы жакпай койдум. Себеби жок эле уруша берет. Бир нерселерди таап чыгып, ачуу сөздөрдү айтат. Башында чыдап жүрдүм, «апалап» көңүлүн алып, сүйүктүү шорпосун жасап берсем дагы болбоду. Күйөөм байкуш, «кой» десе дагы укпайт. Кайра аны урушуп, тилдеп, каргап жатып калат. Бир күнү чыдабай «ажырашалы» дедим. Ошондо күйөөм мындай деди: «Экинчи антип айтпа, мен сага ажырашуу үчүн үйлөнгөн эмесмин. Сенин бул жерде эч кандай күнөөң жок, угуп жатасыңбы. Сени бактылуу кылам дегем, сөзүмө турам. Анткени мен сени сүйөм. Анткени мен сенин күйөөңмүн. Көрөсүң, бул күндөр дагы өтөт». Бөлүнүп кеттик. 31-декабрь. Үй-бүлө катары биринчи жаңы жылыбызды тосуп жатабыз. Күйөөм балаты сатып келди. Мен дасторкон жасадым. Майрамдык маанайыбыз жок. Бир нерсе жетишпей жатты. Экөөбүз этти асып коюп, «Ирония судьбы, или С лёгким паром!» деген кинону көрүп отурсак, эшик тыкылдады. Барып ачсак Аяз ата турат. Күйөөм экөөбүз адашып калган жокпу сурадык. Унчукпай үйгө кирип кетти. Аркасынан чуркап барсак кабын жерге коюп, сакалын алды. Кайын энем!
«Балдарым, апаңарды кечирип койгула. Мен туура эмес кылдым. Ачуу сөздөрдү айтып жүрөгүңөрдү ооруттум. Билем, мен кечиримге татыксыз адаммын. Бирок, мен өзгөргүм келет. Силер жок, жалгыз калганда баарын түшүндүм. суу алып келген киши жок, ачка болсом тамак берген киши жок, кайгырсам кучактаган киши жок, төрт дубалда камалып калдым. Силерге калп эле эркелей берипмин. Кыйын көрүнөм деп жатып, алдыңарда сыйымды жоготтум. Силер жок үй бош калды. Небере жыттап, төрүңөрдө сый көрүп отургум келет. Мени кечиргиле. Мен силерди жакшы көрөм. Аябай жакшы көрөм. Бетин жаап алып ыйлап кирди. Кайын энем чындап эле жүдөп, арыктай түшүптүр. Күйөөм экөөбүз чуркап барып кучактадык. Жанатан бери эмне жетишпей жатканын билдик. Кайын энем мага көйнөк, күйөөмө капчык берди. Мен дагы ага деп белек алып койгом. Берсем, кучактап бетимден өөп, чачымдан сылады. Чогуу отуруп алып беш бармак жеп, тост айтып, эски жылды узаттык. Эртеси айылга жөнөп кеттик. Быйыл жаңы жылды төртөбүз тособуз. Кайыненем, мен, күйөөм, анан мотурайган кызыбыз. Чоң апасына аябай жакын, түндө бизден качып барып жанына жатып алат. Билесиңерби, кайын энем жүз градуска өзгөрдү. Башында «алдыңарда сыйымды жоготтум» деди эле, жок кайра эки эсе сыйлап калдык.
Интернет булактарынан алынды.