Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорун шайлоо болуп жатат. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгонбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда талапкерлердин программалары менен таанышуу жүрүүдө.

«Буга чейин 15 талапкер арыз берген эле, экөө — Кадыр Кошалиев менен Дүйшөналы Мамбетөмүрөв талапкерлигин алып салды. Бүгүн 13 талапкердин программаларын уккан соң ар бири менен маектешебиз, андан соң добуш берүү болот», — деди Болгонбаев.

Директор болуу үчүн арыз берген талапкерлердин тизмеси:

  • Ырыс Окенова;
  • Айбек Турдалиев;
  • Болотбек Тиллебаев;
  • Абдыкадыр Султанбаев;
  • Шайырбек Мукарамов;
  • Бахтияр Алиев;
  • Замир Казакбаев;
  • Эрнис Кыязов;
  • Сураган Босумбаев;
  • Алим Токторов;
  • Үсөн Көлбаев;
  • Калыбек Тайтекеев;
  • Сталбек Дүйшалиев.

Белгилей кетсек, 5-6-октябрдагы саясий окуялардан кийин КТРКнын мурдагы төрагасы Жайнак Үсөн уулу кызматтан кеткен. Башкы директордун кызмат ордуна 29-октябрда сынак жарыяланган.